Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:25

Украина Запорожьеде Орусиянын чабуулунан 13 киши жараат алганын билдирди


Украина.
Украина.

Украинанын расмий бийлик өкүлдөрү билдиргендей, 23-сентябрга караган түнү Орусия өлкөнүн түштүгүндөгү Запорожье шаарына бир нече авиа сокку урду, натыйжада көп кабаттуу үйлөрдүн айрымдары талкаланып, кеминде 13 жайкын тургун жараат алды. Жараат алгандардын арасында 15 жаштагы өспүрүм бала бар экени маалымдалды.

Ички иштер министрлиги бир нече имараттан адамдар эвакуация кылынганын, Орусия КАБ бомбаларын колдонгонун билдирди.

Облус губернатору Иван Федоров кээ бир жерлерде өрт чыкканын, жалпысынан соңку суткада бул аймактын 12 калктуу пунктуна абадан жана жерден 363 жолу сокку урулганын кабарлады.

Бир күн мурда Орусиянын ушундай эле чабуулуна түндүк-чыгыштагы Харьков шаары кабылып, айрым жерлерде көп кабаттуу үйлөр кыйраган, 21 киши жараат алган.

Оруc бийлиги 2022-жылдын февралында Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачкандан бери шаар-кыштактарынын мектеп, бала бакча, оорукана, таза суу жана энергетика тармагы сыяктуу жарандык инфраструктурасын талкалап, адамдарын өлтүрүп жатканы тууралуу айыптоолорду четке кагып келүүдө.

Украин бийлиги жана эл аралык уюмдар Орусиянын куралдын көптөгөн түрү менен жасалып жаткан соккуларын атайын чабуул катары баалоодо. (RK)

XS
SM
MD
LG