Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:22

Жаза аткаруу кызматы Көлбаевдин кылмыш тобунун абактагы эки мүчөсү акча талап кылганы аныкталганын билдирди


Жаза аткаруу кызматы тараткан сүрөт.
Жаза аткаруу кызматы тараткан сүрөт.

Жаза аткаруу кызматы кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун эки мүчөсү абакта жаткан жарандан 1 миллион сом акча талап кылганы аныкталганын билдирди.

Мекеменин 23-сентябрдагы маалыматында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен бирге жабык жайларда уюшкан кылмыштуу топторду аныктоо жана жок кылуу иш-чарасы жүргөн.

“Аталган факт боюнча Жаза аткаруу кызматынын тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин (“Опузалап талап кылуу”) 3,4-пункттарында каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, А.О. жана Т.А. аттуу эки жаранга айыбы угузулган. Тергөө-ыкчам иш-чаралар, ошондой эле айыпталуучулардын башка шериктештерин аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча тергөө амалдары жүрүүдө”, - деп жазылган маалыматта.

Кыргызстанда "кримтөбөл" аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. Бул окуядан кийин ал мыйзамсыз тапкан делген ондогон мүлк, автоунаалар мамлекетке алынган.

Кыргыз бийлиги кылмыштуу топторго каршы аёосуз күрөш башталганын жарыялап, андан бери криминалга тиешеси бар деген бир канча адам колго түштү.

XS
SM
MD
LG