Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:17

Израил Ливандын түштүк аймагына абадан ондогон сокку урду


Ливандын Израил менен чек арасы. 2024-жылдын 23-сентябры.
Ливандын Израил менен чек арасы. 2024-жылдын 23-сентябры.

Израилдин Аскердик аба күчтөрү бүгүн 23-сентябрдын таңында Ливандын түштүк тилкесине ондогон авиа сокку урганын мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары жана израилдик аскер кызматкерлери билдиришти.

Ливандын түштүгүндөгү шаар-кыштактардын тургундары чабуулга кабылган жерлерден тартылган сүрөт-видеолорду социалдык түйүндөргө жарыялап жатышат. Өлкөнүн Улуттук маалымат агенттиги да бир нече райондон алынган маалыматтарга таянып авиачабуулдар тууралуу кабарлады.

Израил армиясынын өкүлү арабча жарыялаган билдирүүсүндө бул соккулар "Хезболлага" каршы багытталганын билдирди.

Былтыр 7-октябрда АКШда жана Евробиримдикте террордук деп жарыяланган ХАМАС тобу Газа тилкесинен Израилге кол салганда бир күндө 1197 кишини өлтүрүп, 251 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын айрымдары бошотулуп, кээ бирлери каза болгон.

Израил октябрдагы бул кандуу окуядан кийин Газа тилкесине чабуул баштаган. Азыркы тапта ал Газада ХАМАСка жана Ливан менен чек арасында ХАМАСтын өнөктөшү "Хезболлага" каршы согушууда.

Газанын саламаттык сактоо мекемеси кабарлагандай, согуш башталган 11 айдан бери тилкеде каза тапкандардын саны 41 миңден, жараат алгандар 95 миңден ашты. (RK)

XS
SM
MD
LG