Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:14

Министр: сыналгы, муздаткычы бар үй-бүлөлөргө жөлөк пул берилбейт деген туура эмес


Жылдыз Полотова.
Жылдыз Полотова.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова сыналгы, муздаткыч үй-бүлөнүн кирешеси деп эсептелбей турганын жана “мындай буюмдары бар кожолуктун балдарына жөлөк пул берилбейт” деген маалымат туура эмес экенин билдирди. Бул тууралуу министр Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 23-сентябрда жыйынында айтты.

“Бүгүнкү күнү пенсия алганда да сыналгы, муздаткыч киреше деп эсептелбейт. Бирок жаңы автоунаасы болсо ал эсепке алынат. Андан тышкары ата-энеси миграцияда жүрсө да балдарга жөлөк пул берилбейт деген норма жок. Бирок үй-бүлөдө эмгекке жарамдуу адам болсо ал министрликте жумушсуз катары каттоодо турушу керек”, - деди ал.

Буга чейин коомчулукта сыналгы, муздаткычы бар үй-бүлөлөргө жөлөк пул берилбей жатканы тууралуу сөздөр айтылып келген. Бул маселени комитеттин отурумунда да бир нече депутат көтөрдү.

Кыргыз өкмөтү аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруу максатында “Социалдык келишим” долбоорун үч жыл мурда баштаган. Анын шарты боюнча жөлөк пул алып жаткан адам андан баш тартып, өз алдынча иш баштаса, өкмөттөн 100 миң сомдук бир жолку жардам алат. Бул үчүн арыз бергендер бизнес планын жана долбоорун социалдык мекемеге алып келип, келишим түзүшү керек.

Мындай жол менен 2022-жылы 2800 адам, 2023-жылы 10 миң киши мамлекеттен көмөк алган. 2024-жылы өкмөт бул максатта 2 млрд сом бөлгөн, бул 20 миң адамга жетет. Дүйнөлүк банктын жардамы 3 миң үй-бүлөгө берилди. Быйыл жалпысынан 16 миң 770 үй-бүлө 100 миң сомдон алды.

Ушул тапта Кыргызстанда “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун 76 миң 443 үй-бүлө алып жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG