Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:16

Кыргызстанда көмүскө экономиканын үлүшү 19% чейин түшкөнү айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2023-жылы Кыргызстанда көмүскө экономиканын үлүшү ички дүң өнүмгө (ИДӨ) карата 19% деп эсептелди. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин 23-сентябрдагы жыйынында айтты.

Анын сөзүнө караганда, көмүскө экономиканын үлүшү 2021-жылы 21%, 2022-жылы 20,2% болгон. Ал алдыда анын үлүшүн 10-15% чейин түшүрүү планы коюлганын кошумчалады.

Депутат Алишер Эрбаев өкмөттүн көмүскө экономиканын үлүшү боюнча маалыматы ар кандай болуп жатканын билдирди. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов 2023-жылдын декабрь айында көмүскө экономиканын үлүшү 30% чейин жетерин кабарлаган.

Буга чейинки ар кандай изилдөөлөрдө көмүскө экономика 40-50% түзөрү айтылып келген.

Мамлекеттик органдарга ишмердиги тууралуу маалыматы түшпөгөн товарларды алып-сатуу жана кызмат көрсөтүүлөр көмүскө экономика деп аталат. Бийлик бул маселени чечүү үчүн ККМ, ЭТТК жана ЭЭФти киргизди.

ККМ – бул товар сатуу жана кызмат көрсөтүү үчүн керектелген эсептөөчү аппарат. ЭТТК – товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ. ЭЭФ – кошумча нарк салыгын эсептөө үчүн керектеле турган, товар саткан жана кызмат көрсөткөн тарап толтура турган конкреттүү үлгүдөгү салыктык документ. (BTo)

XS
SM
MD
LG