Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:26

Кайра шайлоо: Сузак округунда Жогорку Кеңешке шайлоо башталды


Сузак округундагы добушканалардын бири. 22-сентябрь, 2024-жыл.
Сузак округундагы добушканалардын бири. 22-сентябрь, 2024-жыл.

Жогорку Кеңештеги бир мандаттуу №13 Сузак округу боюнча мөөнөтүнөн мурда өтчү шайлоодо добуш берүү башталды. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда 81 шайлоо участогу ачылды. Бул округда 124 429 шайлоочунун тизмеси такталган. Добуш берүү 20:00гө чейин жүргүзүлөт.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына жети талапкер ат салышууда. Алар: Юлия Лилиенталь, Бейшенбек Бегматов, Мелисбек Кошалиев, Алтынбек Кылычбаев, Асилбек Арапбаев, Жыргалбек Сейдахматов, Медербек Сапарбаев.

Сузак шайлоо округунан Жогорку Кеңешке шайланып келген депутат Тазабек Икрамов 19-июлда мандатын өз арызы менен тапшыруу тууралуу арыз жазган. Ошол эле күнү Борбордук шайлоо комиссиясы анын арызын карап, мандатынан ажыраткан. Икрамов өзү ушундай чечимге келгенин Фейсбукка жазган. "Азаттыкка" айрым депутаттар "ал атайын кызматка суракка барганын" айтышкан.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышында ушуну менен жалпы 20 депутат мандатын тапшырды.

Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев парламентти мыйзамсыз иштерге аралашкан депутаттардан “тазалоо” иштери жүрүп жатканын билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG