Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:26

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсионерлерге электр кенемтеси төлөнбөйт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинетинин чечимине ылайык, 1-октябрдан тарта Кыргызстанда пенсия жогорулайт. Ошол эле учурда пенсионерлерге электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөр жокко чыгарылууда. Бул тууралуу Социалдык фонддун коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Жеңишбек Мукамбетов 20-сентябрда "Биринчи радионун" эфиринде билдирди.

Мындай чечим президент Садыр Жапаровдун 28-июндагы пенсия өлчөмдөрүнө индексация жүргүзүүгө байланыштуу жарлыгына ылайык кабыл алынган.

Социалдык фонддун өкүлү билдиргендей, төлөмдөр пенсиянын өлчөмүнө жараша каралып келген. Мисалы, 2008-жылдан бери пенсиясы 2 миң сомдон, 2009-жылдан бери пенсиясы 4 миң сомдон ашпагандар компенсация алышкан.

"Бардык компенсациялар 1-октябрдан тартып жокко чыгат. Ошондуктан пенсияларды кайра эсептөөдө биз алгач пенсиянын өлчөмүнө жараша 200 сомдон 312 сомго чейин бул компенсацияларды алып салабыз", - деген Мукамбетов.

Пенсияны жогорулатуу токтомуна Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 29-августта кол койгон. Ага ылайык, 1-октябрдан тартып, пенсиянын өлчөмү көбөйтүлүп, эң азы 6900 сом болот. Социалдык фондго 2024-жылдын 1-октябрына чейин дайындалган пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 1-октябрдан тартып 18% көбөйтүп, анын ичинде кеминде миң сом кошуп эсептөө тапшырылган.

Андан тышкары 2024-жылдын 1-октябрына чейин дайындалган 6900 сомдон төмөн пенсиялардын базалык бөлүгүн 6900 сомго чейин жеткирүү милдети коюлган.

Социалдык фонддун маалыматы боюнча, өлкөдө 785 миң пенсионер бар. Учурда Кыргызстанда пенсиянын орточо көлөмү 9300 сомду түзөт.

Быйылкы алты айда Кыргызстанда 38 774 адам пенсияга чыккан.(КЕ)

XS
SM
MD
LG