Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:17

“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбоору боюнча коммерциялык макулдашууга кол коюлат


Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жол магистралынын иллюстрациялык түшүндүрмөсү.
Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жол магистралынын иллюстрациялык түшүндүрмөсү.

“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоору боюнча жакын арада үч тараптуу коммерциялык макулдашууга кол коюлат. Бул тууралуу Бээжин шаарында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытайдын башкы бажы башкармалыгынын партиялык комитетинин катчысы Юй Цзяньхуа менен жолугушканда сөз болгонун кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди. Бирок так датасы айтылган жок.

Быйыл июль айында Кыргызстандын Юстиция министрлигинен “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” ишканасы деп аталган компания катталган. Ишкананын негиздөөчүсү – Кытайдын China Railway International компаниясы, Кыргызстандын “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы жана Өзбекстандын “Узбекистон темир йуллари” акционердик коому деп көрсөтүлүп турат. Бирок компания иш жүзүндө расмий ачылышын өткөрүп, жумушун баштай элек. Бул ишкана темир жолду куруу үчүн Биргелешкен долбоорлоочу компания болору айтылган.

2024-жылы 6-июнда Бээжин шаарында “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорун ишке ашырууну биргелешип илгерилетүү боюнча үч өлкөнүн ортосундагы кезектеги макулдашууга кол коюлуп, долбоорду каржылоо маселеси чечилген. Жогорку Кеңеш макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун 19-июнда кабыл алып, президент Садыр Жапаров ага 27-июнда кол койгон.

2024-жылы 6-июнда Бээжин шаарында “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорун ишке ашырууну биргелешип илгерилетүү боюнча үч өлкөнүн ортосундагы кезектеги макулдашууга кол коюлуп, долбоорду каржылоо маселеси чечилген. Жогорку Кеңеш макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун 19-июнда кабыл алып, президент Садыр Жапаров ага 27-июнда кол койгон. Курулуш быйыл октябрда башталмак.

Ага ылайык, үч өлкө Биргелешкен долбоорлоочу компания (БДК) түзүшү керек болчу. Ал ишкана Кыргызстанда жайгашат. Кошкон каражатына жараша компанияда Кытайдын үлүшү 51% болот, калганы Кыргызстан менен Өзбекстанга тең бөлүнүп, ар бирине 24,5% тиет.

“Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорунун наркы 4 млрд 665 млн доллар деп көрсөтүлгөн. Мунун биринчи жарымы – 2 млрд 332 млн долларды Кытай үч өлкө түзгөн Биргелешкен долбоорлоочу компанияга (БДК) насыя катары берет.

Кыргыз өкмөтү Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол курулушунун уставдык капиталына 11 млрд сом бөлөт. Бул тууралуу Финансы министрлиги жарыялаган 2025-жылга мамлекеттик бюджеттин долбоорунда жазылган.

Темир жол “Кашкар - Торугарт - Макмал - Жалал-Абад – Анжиян” багытында түшөт. Анын узундугу жалпы 480 чакырымды түзсө, 311,75 чакырымы Кыргызстандын аймагынан өтөт. Кыргыз жергесинде 18 бекет, 81 көпүрө, 41 тоннель курулат. Макмалдын эки жагындагы колея эки башка өлчөмдө курулуп, ал жерге жүктү кайра жүктөөчү станция салынат. Темир жол жүк ташуучу да, жүргүнчү ташуучу да милдетти аткара алат. (BTo)

XS
SM
MD
LG