Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Жаңы жылдан тартып Москвада мигранттар тейлөө тармагында иштей албайт


Москва. Архивдик сүрөт.
Москва. Архивдик сүрөт.

Жаңы жылдан тартып Москва облусунда мигранттарга ишмердиктин бир катар түрү менен алектенүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу облус бийлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылды.

"1-январдан тартып алкоголдук ичимдик жана тамеки сатуу, стационардык эмес соода жайларында көчө тамагын сатуу, социалдык тейлөө тармактарында, ошондой эле спорт, маданият, эс алуу, саламаттык сактоо, билим берүү жаатында патент боюнча чет элдик жумуш күчүн тартууга тыюу салуу талабы күчүнө кирет", - деп билдирди мекеме.

Москва облусунун өкмөтүнүн төрага орун басары Наталья Маслёнкина мындай чечимдин кабыл алынышына жергиликтүү тургундардан чет элдиктердин ишине байланыштуу түшкөн арыз-даттануулар көбөйгөнү себеп болгонун айтты жана ыктымал чыр-чатактарды азайтуу аракети деп атады. Анын айтымында, келечекте Москва облусу Орусиянын патент менен иштөөгө таптакыр тыюу салган жыйырмадан ашуун аймагынын катарына кошулууну каалайт.

"Агентство" басылмасы эсептеп чыккандай, азыркы тапта Орусиянын аймактарынын үчтөн биринде мигранттардын иштөөсүнө, айрыкча такси айдоосуна ар кандай чектөө киргизилип турат.

Такси кызматындагы чектөөлөрдөн улам, "Яндекс Go" сервисинин жетекчилеринин бири Антон Петраковдун айтымында, Орусияда быйылкы жылдын соңуна чейин такси айдоочуларынын жетишсиздиги 130 миңге жетет, ал эми такси кызматы "ондогон проценттерге" кымбаттайт.

Быйыл жазында Москва аймагында "Крокус Сити Холлдо" кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Кылмышка шектүүлөрдүн көбү тажик тектүү жарандар экени аныкталган. Жер-жерлерде ар кандай рейддер уюштурулуп, Ички иштер министрлигинин быйыл жыл башынан берки расмий маалыматына караганда, 65 миңден ашуун чет өлкөлүк чыгарылган, 120 миңдей кишиге Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган. Мигранттардын агымы соңку он жылдан бери эң төмөнкү көрсөткүчкө түшкөнүн экономисттер жумуш күчүнүн жетишсиздигине байланыштуу кризистин жаралышы катары баалап жатышат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Бакыт Кадыров 10-июнда Орусияда 411 миңден ашык кыргызстандык мигрант бар экенин айткан. 2022-жылы бул сан 587 миң болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG