Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:01

Футбол: Кыргызстан Иранга жеңилди


Архив сүрөт. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы. Июнь, 2024-ж. Бишкек.
Архив сүрөт. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы. Июнь, 2024-ж. Бишкек.

Кыргызстандын футбол курамасы Дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын 3-раундундагы алгачкы оюнун Иран курама командасы менен ойноп, 1:0 эсебинде жеңилди. Беттеш 5-сентябрда Ирандын Исфахан шаарынын «Фуладшехр» стадионунда өттү. Оюндагы жалгыз голду 34-мүнөттө Иран курамасынын чабуулчусу Мехди Тареми киргизди.

Эки команданын кийинки беттеши 19-ноябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков стадионунда болот. Ага чейин Кыргызстандын курама командасы 10-сентябрда Бишкекте Өзбекстан менен, 10-октябрда Катарда, 15-октябрда Бишкекте Түндүк Корея менен, 14-ноябрда Бириккен Араб Эмиратында ойнойт. Андан кийинки оюндар 2025-жылдын март айынан баштап уланат.

Кыргызстан ойногон А тайпасында бүгүн Өзбекстан Түндүк Кореяны 1:0, Бириккен Араб Эмираты Катарды 3:1 эсебинде утуп, алгачкы үч упайларын алышты.

2026-жылы АКШ, Мексика жана Канадада өтө турган Дүйнө чемпионатына биринчи жолу 48 курама команда катышат. Бул жолу Азия чөлкөмүнөн Дүйнө чемпионатына катышууга сегиз командага мүмкүнчүлүк берилген.

3-раунддагы тандоо оюндарына Азия чөлкөмүнөн 18 курама алтыдан үч тайпага бөлүндү. Оюндар үйдө жана конокто өтүп, тайпада биринчи жана экинчи орунду ээлеген командалар түз эле Дүйнө чемпионатына жолдомо алат. Ал эми үчүнчү жана төртүнчү орунду ээлеген алты команда төртүнчү баскычта ич ара эки тайпага бөлүнүп ойноп, уткан эки команда чемпионатка жолдомо алат.

Бүгүн 5-сентябрда башталган 3-раунддагы тандоо оюндары, 2025-жылдын июнь айында аяктайт. 4-5-раунддагы тандоо оюндары 2025-жылдын ноябрь айына чейин созулат.

Тайпалардын тизмеси:

A тайпасына Иран, Катар, Өзбекстан, Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ), Кыргызстан, Түндүк Корея,

В тайпасына Түштүк Корея, Ирак, Иордания, Оман, Палестина, Кувейт,

С тайпасына Жапония, Австралия, Сауд Арабиясы, Бахрейн, Кытай, Индонезия.

Азия чөлкөмүнөн Дүйнө чемпионатына такай катышып келген курамалар - Түштүк Корея (он бир жолу), Жапония (жети жолу), Австралия, Иран, Сауд Арабия (алты жолу), Түндүк Корея (эки ирет), Индонезия, Кувейт, Ирак, Бириккен Араб Эмираттары, Кытай жана Катар (бир ирет).

XS
SM
MD
LG