Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:27

Президент Олимпиададан күмүш медал алган Мээрим Жуманазарованы куттуктады


Мээрим Жуманазарова Париж Олимпиадасынын жарым финалында. 5-август, 2024-ж.
Мээрим Жуманазарова Париж Олимпиадасынын жарым финалында. 5-август, 2024-ж.

Президент Садыр Жапаров Париж Олимпиадасынан кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограммга чейинки салмакта күмүш медал алган Мээрим Жуманазарованы куттуктады. Анын балбан менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүн президенттин басма сөз кызмат жарыялады.

“Дүйнөнүн чар тарабынан келген спортчулардын Олимпиада оюндарында күмүш медалга ээ болуу - чоң ийгилик. Олимпиаданын күмүш медалына ээ болуу да оңойго турган жок. Алтын медал ала албай калдым деп эч капа болбоңуз! Биз сиз менен чексиз сыймыктанабыз! Сиздин бүгүнкү жеңишиңиз Кыргызстандагы эле эмес, дүйнө жүзүндөгү күрөшкө кызыккан секелек кыздарга чоң дем, мыкты стимул болуп калды”, - деди Жапаров.

Мээрим Жуманазарова Олимпиададагы жеңишинде машыктыруучулардын эмгеги чоң экенин айтты.

Жуманазарова күмүш медалга ээ болуп, Кыргызстандын эгемендик тарыхындагы Олимпиадада эки жолу байге алган алгачкы спортчу болду. Ал финалда дүйнөнүн эки жолку чемпиону, америкалык Эмит Элор менен беттешип, 0:3 эсебинде жеңилди.

24 жаштагы Мээрим Жуманазарова Токио Олимпиадасында коло медал уткан. Кыз-келиндер күрөшүнөн дүйнөнүн жана Азиянын чемпиону (2021), Азия оюндарынын коло медалын (2018) жеңген. Эки ирет Азия чемпионатынын күмүш (2022), коло (2018, 2019) байгелеринин ээси. Ал Олимпиада оюндарынын финалына чыккан кыргызстандык экинчи балбан кыз.

Париж Олимпиадасынын финалдык беттешине чейин Жуманазарова 5-августта үч беттеш өткөрдү. Алгач 1/8 финалда монголиялык Дэлгермаа Энхсайханды 8:3, чейрек финалда жапониялык Нонока Озакини 8:6, жарым финалда нигериялык Блессинг Оборудудуну 3:1 эсебинде жеңген.

Мээрим Жуманазарованын байгеси XXXIII жайкы Олимп оюндарындагы Кыргызстандын экинчи байгеси. Буга чейин грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта Жоламан Шаршенбеков коло медал тагынган. Кыргызстандан бул Олимпиада оюндарына спорттун беш түрүнөн 16 спортчу катышып жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG