Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:10

Акжол жана Үзүр жубатуучу беттеште утту, эми коло үчүн күрөшөт


Акжол Махмудов менен Алексис Муньоз.
Акжол Махмудов менен Алексис Муньоз.

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыргызстандык балбан Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн 77 килограммга чейинки салмакта коло медал үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бере турган көңүл жубатуучу беттеште колумбиялык Алексис Муньозду 9:0 эсебинде утуп алды.

Эми Акжол коло медал үчүн азербайжандык Санан Сулейманов менен беттешет. Коло медал үчүн жана финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча 22:15те башталат.

Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн 77 килограммга чейинки салмакта 1/8 финалда АКШ балбаны Камал Амир Бейди 4:1 эсеби менен утуп, чейрек финалда казакстандык Демеу Жадраевге 1:3 эсебинде жеңилди. Жадраев финалга чыгып, Акжол коло медал үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.

97 килограммга чейинки салмактагы көңүл жубатуучу бөлүктө балбан Үзүр Жузупбеков АКШ балбаны Жосеф Патрик Рау 9:4 эсеби менен жеңди. Эми Үзүр коло медал үчүн египеттик Мохамед Габр менен беттешет.

Үзүр Жусупбеков жана АКШ балбаны Жосеф Патрик Рау.
Үзүр Жусупбеков жана АКШ балбаны Жосеф Патрик Рау.

Үзүр Жузупбеков грек-рим күрөшүнөн 97 килограмм салмакта 1/8 финалда литвалык Миндаугас Венцкайтисти 5:1 эсебинде утуп, бирок чейрек финалда ирандык Мохаммадхади Саравиге 8:0 эсебинде жеңилип калган. Ирандык балбан жарым финалда египеттик Мохамед Габрды жеңип, финалга чыкканы үчүн кыргыз балбаны көңүл жубатуучу таймашка чыгууга мүмкүнчүлүк алды.

Бүгүн 7-августа грек-рим күрөшүнөн 67 килограммга чейинки салмакта Амантур Исмаилов да килемге чыгат.

Учурда Кыргызстандын капчыгында Париж олимпиадасынын бир күмүш, бир коло медалы бар. Кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограммга чейинки салмакта Мээрим Жуманазарова күмүш медалга ээ болду. Грек-рим күрөшүнөн балбан Жоламан Шаршенбеков 60 килограмм салмакта коло медал утту. Медал алган 69 өлкөнүн арасынан Кыргызстан 55-орунда баратат.

Кыргызстандан бул Олимпиада оюндарына спорттун беш түрүнөн 16 спортчу катышууда. Буга чейин дзюдочулар Эрлан Шеров, Кубанычбек Айбек уулу, суучулдар Денис Петрашов менен Елизавета Печерских мелдештерин жыйынтыктаган.

Ал эми мушкер Мунарбек Сейитбек уулу бокстан мелдештин жарым финалына чыкты. Эми ал 9-августка караган түнү саат 1:46да жарым финалда болгариялык Хавьер Ибаньес Дияс менен беттешет.

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндары, кыргыз спортчуларынын мелдештери тууралуу "Азаттыктын" "Париж-2024: Олимпиада жаңылыктары" баракчасынан окуңуз. (GT)

XS
SM
MD
LG