Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:39

Париж-2024: Мушкер Мунарбек Сейитбек уулу чейрек финалга чыкты


Мунарбек Сейитбек уулу кубалык мушкер Орта Родригес дел Рэй Сайдел Иван беттешти. Париж, 2024. 1-август.
Мунарбек Сейитбек уулу кубалык мушкер Орта Родригес дел Рэй Сайдел Иван беттешти. Париж, 2024. 1-август.

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу алгачкы беттешинде жеңишке жетип, чейрек финалга чыкты. 1-августка караган түнү Сейитбек уулу 57 килограммга чейинки салмакта 1/8 финалда 2023-жылдагы дүйнө чемпионатынын күмүш байгесинин ээси, кубалык Орта Родригес дел Рэй Сайдел Иванды 3:2 эсебинде жеңди. Эми ал 4-августка караган түнү чейрек финалда АКШ мушкери Жамал Харви менен беттешет.

Мунарбек Сейитбек уулу 28 жашта. Бокс боюнча 2023-жылдагы Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси. Испанияда өткөн Boxam эл аралык мелдешинин жеңүүчүсү (2024-ж.). Жаштар арасындагы Азия чемпионатында коло медал уткан (2018-ж.). Бир нече эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. Жайкы Олимп оюндарына алгачкы жолу катышууда.

Мунарбек Сейитбек уулу: "Элимдин ишеничин актасам"
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:36 0:00

Кыргызстандан бул Олимпиада оюндарына спорттун беш түрүнөн 16 спортчу катышат. (ECh)

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндары, кыргыз спортчуларынын мелдештери тууралуу "Азаттыктын" "Париж-2024: Олимпиада жаңылыктары" баракчасынан окуңуз.

XS
SM
MD
LG