Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:55

Париж-2024: суучул Денис Петрашов мелдешке чыгат


Денис Петрашов.
Денис Петрашов.

Париж Олимп оюндарынын төртүнчү күнүндө кыргызстандык суучул Денис Петрашов 200 метрге брасс стилинде жарышка чыгат. Бул дистанциядагы жарыштар бүгүн, 30-июлда Бишкек убактысы менен 17:00дө башталат.

Брасс стилиндеги 200 метрге жарышта 25 суучул бар. Алардын арасында франциялык Леон Маршан да жарышка чыгат. Маршан күн мурун 400 метрге комплекстүү сүзүүдө чемпион болуп, Олимпиаданын рекордун жаңылады.

200 метр брасс стилинде Токио олимпиадасынын рекордчусу австралиялык Зак Стабблети Кук да Денис Петрашов менен бирге жарышка чыгат. Ал 200 метрди 2 мүнөт 06.38 секундада сүзүп өтүп, Токио Олимпиадасынын чемпиону болгон. Дүйнө чемпиону, брасс стилиндеги 200 метрге дүйнөнүн рекордун жаңылаган кытайлык Цинь Хайян да ушул дистанцияда жарышка чыгат. Цинь Хайян 2023-жылы өткөн дүйнө чемпионатында 200 метрди 2 мүнөт 05.48 сүзүп өткөн.

Денис Петрашов Токио Олимпиадасында да дал ушул дистанцияда жарышка чыгып, марага 2 мүнөт 10.07 секундада келип 18-орунду ээлеген.

Денис Петрашов сууда сүзүүнүн брасс стилинде машыккан спортчу. Ал брасс ыкмасы боюнча 50, 100 жана 200 метр аралыкта бир нече жолу Кыргызстандын рекордун жаңырткан. Азиянын төрт жолку чемпиону.

Бул Петрашовдун Париж Олимпиадасындагы экинчи мелдеши. 27-июлда ал 100 метрге брасс стилинде сүзүүгө чыгып, (1 мүнөт 0,42 секунд). 23-орунду ээледи.

Сууда сүзүү - Олимп оюндарындагы эң популярдуу спорттун түрү. World Aquatics уюмунун билдиришинче, Парижге 187 өлкөдөн жалпы 854 суучул барды. 35 категорияда мелдештер өтүп, 35 комплект медал ойнотулат. Сууда сүзүүдөн мелдештер Париждеги La Defence Arena спорт комплексинде өтүп жатат.

26-июлда башталган Париждеги Олимпиада оюндары 16 күнгө созулат. Мында 206 өлкөдөн 10 миңден ашык спортчу мелдешке чыгат. Жалпы 329 комплект медал ойнотулат. Кыргызстандан спорттун беш түрүнөн 16 спортчу катышып жатат. (GT)

XS
SM
MD
LG