Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:47

Бейшеналиев Кыргызстанда орган алмаштырган операциялар жасаларын билдирди


Алымкадыр Бейшеналиев.
Алымкадыр Бейшеналиев.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 29-июлдагы маалымат жыйында Кыргызстандагы орган алмаштыруу операциялары тууралуу айтып берди.

Анын билдиришинче, быйыл 15-февралдан баштап өлкөдө бөйрөк алмаштыруу операциялары бекер жүрүп, ар апта аягында бир-экиден бейтаптын органы алмаштырылып жатат.

Мындан тышкары боор алмаштыруу операциясын жасоо үчүн 74 кыргызстандык дарыгер Түркиядан жана Орусиядан тажрыйбасын жогорулатып келген. Учурда боор алмаштыруу операциялары акысыз жасалууда.

“Дагы бир көйгөй – сөөк чучугун алмаштыруу. Азыркы күндө керектүү жабдыктар алынып, төрт бейтап даярдалып жатат. 4-августтан тарта акысыз операция жасала баштайт.

Министрдин айтымында, учурда кахлярдык имлпант жасоо үчүн дарыгерлер Түркияда жана Монголияда тажрыйбасын жогорулатууда. Бул операция үчүн керектүү жабдыктар алынган жана жакында операция жасала баштайт.

Кахлярдык имплант кулагы тубаса укпай калган адамдарга жасала турган операциянын түрү. Буга чейин 2021-жылы Катар өкмөтү Кыргызстандагы 168 балага мындай операцияны акысыз жасап берген.

Бишкектеги Кыргыз-түрк достугу ооруканасында 10-июнда 51 жаштагы бейтаптын боору алмаштырылган. 50 жаштагы экинчи бейтапка операция ушул эле ооруканада 11-июнда жасалган. Алардын абалы канааттандырарлык деп, 10-июлда үйүнө чыгарылган.

Боорду алмаштыруу программасынын башталышы үчүн президенттик фонддон 1 млн доллар бөлүнгөн. Расмий маалыматка ылайык, ушул тапта Кыргызстанда 17 миңдей адам боор оорусунан жабыркап келет. Алардын жарымы трансплантацияга муктаж.

XS
SM
MD
LG