Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:19

Кыргызстан жарым жылда кырсыктардан 2 млрд сомго жакын зыян тартты


Ошто 14-июлда болгон селдин кесепети.
Ошто 14-июлда болгон селдин кесепети.

Кыргызстан 2024-жылдын алты айында табигый жана техногендик кырсыктардан 1 миллиард 900 миллион сом зыян тартты. Бул тууралуу 25-июлда Бишкектеги маалымат жыйынында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Азамат Мамбетов билдирди.

Анын айтымында, бул сумма соңку күндөрдөгү селдин эсебинен дагы көбөйөт. Ушул тапта Ош, Жалал-Абад облустарындагы зыяндын көлөмү такталууда.

Өлкөдө быйыл сел жана башка кырсыктардан 25 адамдын өмүрү кыйылды. Өкмөт алардын жакындарына 1 миллион сомдон жардам бере турганын билдирген. Ошондой эле үйү капиталдык ремонтко муктаждарга 500 миң сомдон берүү каралган.

Акыркы сел 23-июлда Базар-Коргон районунун Арстанбап кыштагында болуп, бир канча үйдүн короосун каптап, автоунааларды агызып, жолду бузду. Он күн мурун Ош шаарындагы сел беш кишини агызып кеткен. (SE)

XS
SM
MD
LG