Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:04

Орусияда "жагымсыз уюм" тизмесин кеңейтүүгө жол ачылууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда бийликке эми каалаган эл аралык уюмду «жагымсыз» деп таануусуна жол ача турган бир топ мыйзам долбоору өлкө парламентинде колдоо тапты. 23-июлда Мамлекеттик Дума аталган мыйзам долбоорлорун экинчи жана үчүнчү окууда карап, кабыл алды.

Эми жагымсыз дегендердин реестрине чет өлкөлөрдүн мамлекеттик органдары негиздеген уюмдарды да киргизсе болот.

Мыйзам долбоорлору депутаттардын кароосуна быйыл февраль айында сунуш кылынган. Автору – Мамлекеттик Думанын чет мамлекеттердин Орусиянын ишине кийлигишүүсүн иликтөө боюнча комиссиясы. Думанын төрагасы Вячеслав Володин мындай зарылчылыкты орусиялык жарандарды АКШда, Улуу Британияда жана Европа өлкөлөрүндө түзүлгөн жана «Орусияга каршы ишмердүүлүк жүргүзгөн» делген уюмдардан коргоо аракети менен түшүндүрдү.

Кеп кайсы уюмдар тууралуу болуп жатканы так айтылган жок. Кабыл алынган мыйзам долбоорлорунун Орусия өзү мүчө болгон эл аралык жана өкмөт аралык уюмдарга, чет өлкөнүн мамлекеттик бийлик органдарынын курамына кирген уюмдарга тиешеси болбой турганы белгиленди.

Орус бийлиги жагымсыз деп аныктаган уюмдардын тизмесин 2015-жылы түзө баштаган. Бүгүнкү күндө анда 180 коммерциялык эмес уюм, ар кандай бирикме жана жалпыга маалымдоо каражаты, арасында «Эркин Европа/Азаттык» радиосу да бар. Реестрдеги уюмдардын ишмердүүлүгүнө катышкан жарандар кылмыш жообуна тартылат. (RK)

XS
SM
MD
LG