Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:05

Мэрия “Аккула” ат майданын эки ишканага түз сатууну сунуштады


“Аккула” ат майданы жана анын административдик имараты.
“Аккула” ат майданы жана анын административдик имараты.

Бишкек шаардык мэриясы “Аккула” ат майданын эки ишканага түз сатуу боюнча токтом долбоорун Бишкек шаардык кеңешине сунуштады. Токтом долбоору шаардык кеңештин сайтында 22-июлда жарыяланды.

Ага ылайык, ROX Group жана TNG Global Foundation ишканаларына 55,73 гектар аянты менен “Аккула” ат майданы комплексин түз сатуу жолу менен менчиктештирүү сунушталган. Документте сатып алуучу компаниялардын мэриянын алдындагы бир катар милдеттенмелери жазылган.

Катышуучулар жок болгондуктан аукцион өткөрүлгөн эмес.

Мэрия ROX Group жана TNG Global Foundation компаниялары жөнүндө маалымат берген жок. Айрым маалыматтар боюнча алар чет өлкөлүк ишканалар.

Термечиков көчөсүнүн №1 дарегинде жайгашкан “Аккула” ат майданынын жерин сатуу үчүн биринчи аукцион апрелдин башында жарыяланып, 16-майга белгиленген. Арыз жоктугуна байланыштуу эки жолу өтпөй калды.

Ат майдандын аянты 45,73 гектар жерди түзөт жана андагы имараттардын аянты 1818,5 чарчы метрге жетет. Көз карандысыз эксперттер ипподромду баалап, баштапкы баасын 8,7 млрд сом деп эсептеген, ушул суммага аукционго коюлган.

Улуттук оюндардын түрлөрү боюнча мелдештер өтүп келаткан, үч миң орундуу “Аккула” ("Ак-Кула") ат майданы 1947-курулган. Мэрия анын жалпы аянты 57,4 гектар, 1,6 гектары боюнча соттук териштирүүлөр жүргөнүн, ипподром авариялык абалда, адамдар үчүн кооптуу экенин билдирип келет.

Президент Садыр Жапаров быйыл 21-мартта жаңы “Аккула” ат майданынын курулушуна капсула салган. Ал Сокулук районунун аймагында – Бишкек-Ош жолунун боюнда курулат. Ал үчүн 215 гектар жер бөлүнгөн, 20 миң орундуу болот. Жапаров эски “Аккула” ат майданынын ордуна ипотекалык кабат үйлөрдү куруш керек экенин айткан. (TSh)

XS
SM
MD
LG