Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:20

Олимпиада: Президент Жапаров курама командага мамлекеттик тууну тапшырды


Садыр Жапаров спортчулар менен жолугуп, аларды Париж олимпиадасына узатты
Садыр Жапаров спортчулар менен жолугуп, аларды Париж олимпиадасына узатты

Президент Садыр Жапаров 21-июлда Парижде боло турган жайкы Олимпиада оюндарына лицензия алган спортчулар менен жолугушуп, Кыргызстандын курама командасынын капитаны Акжол Махмудовго мамлекеттик тууну тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Мамлекет башчы Олимпиада дүйнөлүк спорт тарыхында абдан маанилүү орунду ээлерин, Кыргызстандын спортчулары эгемендик алган жылдар аралыгында жалпы 7 медал (3 күмүш жана 4 коло) жеңип алганын белгиледи.

“Бүгүн бул жерде үч жылдан бери кайрат-күчүн жыйып, талап кылынган тартипти катуу сактап, өжөрлөнө машыгып, акыры Кыргызстандын намысын коргоо укугуна ээ болгондор чогулуп отурушат. Дегеле соңку жылдары өлкөбүздө спорт жаатында күчтүү жаш муун өсүп келатат. Биздин спортчуларыбыздын келечеги али алдыда!” – деген Жапаров Кыргызстандын атын таанытып жаткан жалпы машыктыруучулар жамаатына ыраазычылык билдирди.

Жайкы Олимпиадага катыша турган Кыргызстандын курама командасы. 21-июль, 2024
Жайкы Олимпиадага катыша турган Кыргызстандын курама командасы. 21-июль, 2024

Мамлекет башчы спортчуларга дем-күч жана жеңишке болгон бекем эрк каалап, олимпиадалык алтын үчүн күрөш өтө курч болорун белгилеген.

“Эгемен Кыргызстандын Олимпиада тарыхындагы биринчи алтын медалын жеңип, көз карандысыз Кыргызстандын 33 жылдыгына, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата белек кыласыңар деп бекем ишенем”, - деди ал.

Жайкы Олимпиадага Кыргызстандын спортчулары спорттун беш түрүнөн: күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс боюнча жалпы 16 лицензияга ээ болгон. Алардын басымдуу бөлүгү күрөш боюнча.

Парижде өтө турган XXXIII Жайкы олимпиада оюндары 26-июлда башталып, 11-августка чейин уланат. Эл аралык Олимпиада комитетинин маалыматына ылайык бул ирет мелдештерге 206 мамлекеттен 10500 спортчу катышып, 329 комплект медал ойнотулат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG