Украинадагы согуш Евразиядагы сооданы жандантабы?

Кытайды Борбор Азия жана Кавказ аркылуу Европа менен байланыштырган Ортоңку коридор деп аталган соода жолу Орусия Украинага кол салгандан бери кыйла кеңейди. Бирок бул жолдун боюнда жайгашкан өлкөлөр Европа менен Азиянын соодасына көптөн бери көлөкө түшүрүп келген көйгөйлөрдү чече алышабы?

Shipping container with EU flag Shipping container with EU flag Shipping container with EU flag Shipping container with EU flag Shipping container with EU flag Shipping container with EU flag Shipping container with EU flag Shipping container with EU flag Shipping container with EU flag Shipping container with EU flag Shipping container with EU flag Shipping container with EU flag Shipping container with EU flag Shipping container with EU flag
Shipping container with China flag Shipping container with China flag Shipping container with China flag Shipping container with China flag Shipping container with China flag Shipping container with China flag Shipping container with China flag Shipping container with China flag Shipping container with China flag Shipping container with China flag Shipping container with China flag Shipping container with China flag Shipping container with China flag Shipping container with China flag
  • 19-июль 2024-жыл

Кызыл деңиздеги кемелерге урулган соңку соккулар ар кыл жаңжалдар глобалдуу сооданы үзгүлтүккө учуратып коюшу мүмкүн экенин, дүйнөлүк экономиканы чөктүрбөй кармап туруу үчүн мамлекеттер жана деңиз аркылуу жүк ташыган компаниялар ишеничтүү альтернативалуу жолдорго муктаж экенин көрсөттү.

2022-жылдын февралында Орусиянын Украинага басып кириши товар жеткирүүнүн глобалдык чынжырын үзгүлтүккө учуратып, жаңы геосаясий кыйынчылыктарды жаратты. Мунун кесепети Евразия чөлкөмүндө өзгөчө сезилип, Ортоңку коридорго же Транс-Каспий эл аралык транспорт жолуна киришүү зарыл экенин көрсөттү.

Кытай менен Европаны туташтыруучу миңдеген чакырымдык жолдордон, темир жолдордон жана порттордон турган бул долбоор көптөн бери сүрөөнгө алынып келген. Бирок Украинадагы согуштун узарып кетүү ыктымалдыгы Бээжиндин жана европалык өлкөлөрдүн баштапкы эсептерин өзгөрттү.

overlay

Түндүк коридор

Ортоңку коридор

Океандагы жол

overlay

Океандагы жол

Ортоңку коридор

Түндүк коридор

overlay

Океандагы жол

Ортоңку коридор

Түндүк коридор

overlay

Океандагы жол

Түндүк коридор

Ортоңку коридор

Согушка чейин Кытай менен Еврошаркеттин ортосундагы жер аркылуу жүргүзүлгөн сооданын ири бөлүгү Орусиянын кеңири темир жол системасына туура келчү. Башкача айтканда Орусия дүйнөнүн эки ири рыногун байланыштырчу. Жакшыраак өнүккөн бул түндүк маршруту жүк ташыган компаниялар үчүн жеткиликтүү жана туруктуу соода түйүнү болчу.

Натыйжада Кытай менен Евробиримдиктин ортосунда товарлар негизинен Орусиянын поезддери менен ташылып калган. Бирок Москванын Украинага кол салуусу менен карго компаниялар санкциялардан буйтоо үчүн Орусияны кыйгап өткөн соода жолдорун издөөгө киришти.

“Европа менен Азиянын ортосундагы транзит барган сайын татаал жана кымбат боло баштады”, - деген оюн айтат Германиядагы Маршалл фондунун илимий кызматкери жана Еврошаркеттин байланыш боюнча мурдагы элчиси Романа Влахутин. – “Украинадагы согуш Ортоңку коридорго жаңы дем берди. Ага чейин жылдар бою ага кеткен чыгым өсүп, сапаттуу инфраструктуранын жоктугунан жана чек ара маселелеринен улам ал маршрутка анча көңүл бурулчу эмес”.

“Ортоңку кордиор эң кыска көп модалдуу коридор болот. Борбор Азия мамлекеттери Евробиримдик менен азыркыдан бекем жана тыгыз алакаларга кызыкдар”,- деп улантат сөзүн Влахутин.

2020-жылы бул маршрут аркылуу 350 миң тонна товар ташылса, 2022-жылы 3,2 миллион тонна болду. Дүйнөлүк банктын 2023-жылдын этегинде чыккан изилдөөсүнө караганда, Ортоңку кордидор аркылуу жүргүзүлгөн сооданын көлөмү 2030-жылга карай үч эсеге көбөйүп, 11 миллион тоннага жетиши ыктымал.

Бирок бул жолдун мүмкүнчүлүктөрүн чектеген жагдайлар жок эмес. Атап айтканда, инфраструктуранын тартыштыгынан улам товарлар порттордо көпкө күтүп калууда. Андан тышкары чек аралардагы маселелер чечилүүгө тийиш.

Тбилисидеги Европа университетинин профессору Эмил Авдалиянинин пикиринде, көп нерсе Кытайдын Ортоңку коридорго кылган мамилесинен көз каранды болмокчу. “Кытайдан жүк ташылбаса, бул маршрутту кеңейтүүнүн кажети жок болуп калат”, - деп айтат профессор.

Еврошаркет дагы Борбор Азия менен Кавказда инфраструктураны өнүктүрүү багытында кадам жасаса, башка өлкөлөр миллиарддаган долларлык инвестиция менен байланышкан мүмкүнчүлүктөрдү сезе баштады. Грузия, Азербайжан, Түркия жана Казакстан маршрутту өнүктүрүү, координацияны жакшыртуу жана соода тоскоолдуктарын жоюу үчүн атайын орган түзүүнү макулдашты.

Үрүмчү – Кытайдагы Шинжаң автономдуу районунун борбору. Кытайдын 2013-жылы жарыяланган дымактуу “Бир алкак - бир жол” долбоорунун негизги хабына айланды.

NaN/21

Күчтүү ички байланыштар жана Үрүмчүдөн 2500 километр алыстыкта жайгашкан Сиань өңдүү борборлордун арты менен шаар Казакстандагы темир жол түйүндөрүнө жакшы пайдубал болуп калды. Ал жер Ортоңку коридордун алгачкы бутактарынын бирин түзөт.

NaN/21

Казакстандын чыгышына багытталган жол

Жүк Кытайдан Казакстанга карай эки негизги өткөрмө бекет аркылуу ташылат. Биринчиси - Достык - түндүк тарапка, Орусияга ташылган товарлар өтүүчү негизги бекет болчу. Мындан тышкары батышка кетчү темир жол менен туташчу. Экинчиси - Хоргос – Кытайдын “Бир алкак - бир жол” демилгесинин алкагында Борбор Азияга салган негизги инвестициясынын натыйжасы.

NaN/21

Хоргос, Казакстан

Деңиз жээгинен 2500 километр алыстыктагы Хоргос терминалы 2015-жылы ишке киргизилген жана “жердеги порт” деген атка конгон. Эмне дегенде ал аркылуу жер аркылуу ташылган товарлар жүктөлөт же түшүрүлөт.

Батышка багыт алган жүк кытайлык поезддерден казакстандык поезддерге крандар менен жүктөлөт. Казакстандагы, Орусиядагы жана башка мурдагы советтик республикалардагы темир жол рельстеринин эни бирдей. Андан ары Еврошаркетке чейин кайра жүктөөнүн кереги жол болот.

NaN/21

Актау, Казакстан

Хоргос аркылуу киргенден кийин товарлар Алматыны көздөй жөнөтүлүп, андан ары темир жол менен Актау портуна багыт алат.

NaN/21

Каспийден өтүү

180 миңдей калкы бар Актау Каспий деңизинин жээгинде жайгашкан жана Ортоңку коридордун Борбор Азия тараптагы негизги порту. Ал жактан жүк Азербайжанга ташылат. Казак өкмөтү портко миллион доллар инвестиция салат жана 2022-жылы аны кеңейтүү планын жарыялаган. Бириккен Араб Эмирлиги жана Казакстан 2022-жылдын сентябрында Ортоңку коридорду колдоо долбооруна 900 миллион доллар салуу тууралуу макулдашкан.

NaN/21
Step header art

Каспийден өткөндө бул маршруттагы биринчи тоскоолдуктар сезиле баштайт.

Жайкысын кемелер деңиз толкуп тургандыктан жумалап кезек күтүп калышы мүмкүн. Анын үстүнө инфраструктура жана товарларды жүктөө жана түшүрүү үчүн логистикалык борборлор жок.

Дүйнөлүк банк 2023-жылы билдиргендей, Ортоңку коридордо кемелер тартыш болуп, тиешелүү документтер туура эмес толтурулгандыктан товар ташуу кечеңдеп калат. Отчетто ошондой эле Каспийден өтүүдө жүктү көзөмөлдөө системасынын жоктугу маселе жаратары белгиленет.

Прогноздордо Ортоңку коридордун мүмкүнчүлүктөрүн толук колдонуу үчүн логистикалык көйгөйлөрдү чечүү зарылдыгы айтылат.

Дүйнөлүк банк Азербайжан, Грузия жана Казакстан ортосундагы регионалдык соода чоң утуш алып келерин белгилейт. 2023-жылга карай соода көлөмү 37 процентке өсүшү ыктымал. Ал эми ошол өлкөлөр менен Еврошаркеттин соодасы 28 процентке көбөйүшү мүмкүн.

NaN/21

Порттордун тартышыгы Ортоңку коридордун негизги кемчилиги болгону менен, контейнер өткөрүү кубаты да чектелген. Бул Баку үчүн мүнөздүү көрүнүш. Ал порт Актауга караганда азыраак кеме кабыл алууга кудуреттүү.

Азербайжан бийлиги Орусия Украинага кол салар алдында портту кеңейтүү планын жарыялап, Бакунун четиндеги ал жайдын жаңы инфраструктурасына инвестиция салган. Бул Борбор Азиядагы инфраструктуралык долбоорлорго, тагыраак айтканда, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун, Түркмөнбашы портунун кубатын жогорулатууга шайкеш келиши ыктымал.

NaN/21

Дүйнөлүк банк жана башка уюмдар белгилегендей Баку портунда товарлар өз кезегин көпкө күтүп калат. Бул коридордун натыйжалуулугун төмөндөтөт.

Изилдөөлөрдүн биринде Баку портунда контейнерлер орточо алганда 25 күн туруп калары, ал эми жүктү жеткирүүгө 10-46 күн зарыл болгону айтылат. Бул мөөнөт орто эсеп менен алганда, Ортоңку коридор менен жүктү бир тарапка ташуунун убактысынын 70 пайызын түзөт.

NaN/21

Армения расмий түрдө Ортоңку коридордун бир бөлүгү эмес. Бирок бул өлкөнү долбоорго кошуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Азыр бул маршрут Азербайжан жана Грузия аркылуу Кара деңизге жетет. Бирок Армениянын Сюник аймагынан Азербайжандын Нахичеван эксклавына жетип, андан ары Түркияга кире турган 43 чакырымдык темир жол куруу тууралуу сунуштар бар. Бул маршрут Каспий деңизин Жер ортолук деңизге бириктирет. Кантсе да “Зангезур коридору” деп аталган бул долбоорду ишке ашыруу үчүн узактан бери тирешип келе жаткан Азербайжан менен Армениянын мамилеси жакшырышы керек.

NaN/21

Азербайжандагы иштер аяктагандан кийин контейнерлер темир жол жана авто жолдор менен батыш тарапка, Грузияга бет алып, борбор шаар Тбилисини аралап өтөт.

Грузин өкмөтү жүктөрдү тоолуу рельефтен Потидеги жана Батумидеги Кара деңиз портторуна же түштүк-батышка жер менен Түркияга жеткирүү үчүн транзиттик инфраструктурасын куруп жатат же модернизациялоодо.

NaN/21

Бүт өлкө аймагында бир нече жаңы көп тилкелүү автомагистралдар курулган. Алардын эң маанилүүсү - Рикоти ашуусундагы 51,6 чакырымдык тилке. 1 миллиард долларга бааланган долбоор кытайлык курулуш компанияларына берилген. 96 көпүрө жана 53 туннелден турган автожолдун курулушу учурда кечеңдеп жатат. Бирок курулуш иши аяктагандан кийин Тбилисиден Кара деңизге эки эсе ылдамыраак жетсе болот.

NaN/21

Түркияга жетүү

Карс Түркиянын түндүк-батышында, Армения жана Грузия менен чек арага жакын жайгашкан. Шаар Ортоңку коридор аркылуу өлкөгө жер аркылуу товар киргизүүдөгү негизги борбор. Жүк авто жана темир жол менен кирет. Бирок, Дүйнөлүк банктын баамында, ири көлөмдөгү жүктөрдү кабыл алуу үчүн Грузия менен байланыштырган тилкелерди реконструкциялоо керек.

NaN/21
Step header art

Маршрут белгилене электе эле Түркия Ортоңку коридордун өз концепциясын сүрөөнгө алып келген. 2013-2015-жылдары Анкара Азербайжан, Кытай, Грузия жана Казакстан менен бул марштрутту кеңейтүү келишимине кол коюп, транспорт байланышын, анын ичинде Евразия туннелин жана Стамбулдагы Явуз Султан Селим көпүрөсүн жакшыртуу долбоорун аяктаган. Ошондой эле товарларды Стамбулга жеткирүүнү жеңилдетүү үчүн Карс менен түндүк шоссени туташтырган темир жолду куруп бүтөйүн деп калды.

Мындай кызыгууга карабай, Түркиянын Ортоңку коридордогу ролу бүдөмүк бойдон калууда. Дүйнөлүк банктын изилдөөсүндө бул жагы эмки отчетто изилденери айтылган.

NaN/21

Грузияга кайтып баруу

Грузиянын Поти жана Батуми портторуна контейнер агымынын 76 жана 24 проценти туура келет. Алардын Кара деңиздин чыгыш тарабында жайгашканы соодадагы маанисин ого бетер арттырат. Бирок оор машиналар чек арада узун кезек күтүп, Поти менен Батуми портторуна көп күч келгендиктен Грузиянын потенциалы кыйла чектелип калууда.

Ушу тапта өлкөдө терең сууда курулган порт жок. Андай порттор жүктүн ири көлөмүн чоң кемелер менен ылдамыраак ташууга өбөлгө түзмөк. Европанын өнүгүү жана реконструкция банкынын, Дүйнөлүк банктын эсебине ылайык, муну менен Ортоңку коридордун глобалдык ролун арттырып, аны атаандаштыкка туруштук бергидей кылса болот.

NaN/21

Мындан улам Грузия түндүктөгү Анаклияда деңиздин терең жеринде порт курууну чечти. Май айында өкмөт жаңы портту куруу жана иштетүү долбоорунун 49 процентин кытайлык консорциумга берерин билдирген.

Буга чейин грузиялык TBC Bank банкы менен АКШда жайгашкан Conti International компаниясы Анаклияда порт курууга аракеттенгенде 2018-жылы ал жердин тургундары көчүрүлө баштаган. 2020-жылы өкмөт саясий тирештерден кийин ал долбоорду жокко чыгарган. Ошондон бери ал жер аянты ээн турат.

NaN/21

Поти дагы кеңейүүгө жана чоң кемелерди кабыл алуу кубатын арттырууга даярданууда. Порттун кире бериши кууш болгону үчүн Анаклияга караганда кемелердин саны төмөн бойдон калышы мүмкүн. Бирок прогноздор Грузия Потини кеңейтүүгө жана жаңы портту курууга муктаж болбошу мүмкүн экенин ишарат кылууда. Aндыктан Грузиянын бийлиги кайсы вариантты тандары белгисиз.

NaN/21

Кара деңизди кесип өтүү

Грузиядан товарлар Кара деңиз менен да түштүккө, же Түркия тарапка жөнөтүлүшү мүмкүн. Жердеги инфраструктуранын жетишсиздигинен улам операторлор деңиз маршрутуна артыкчылык беришет. Ал Стамбул, Констанц жана Черноморск багыттарын тейлейт.

Каспий деңизиндей эле Кара деңизде жогору тарифтер, товарларды жай жүктөп-түшүрүү жана бажы иштеринин эффективдүү эмес жүргүзүлүшү тоскоолдук жаратат. Буга кошумча Украинадагы согуш бейстабилдүүлүккө, маршруттун Украинадагы, Орусиядагы бөлүктөрүндө чыңалууга алып келди.

NaN/21

Кара деңиздеги Констанц порту Ортоңку коридордун беш миңинчи чакырымында Еврошаркетке кирген жер. Румыния бул маршрутту өнүктүрүүнү жактаган шаркеттин эң активдүү мүчөсү. Ал өлкөнүн бийлиги Грузия менен кызматташып, маршрутту Кара деңизди башкарган расмий органдардын платформасына камтуу аракетин көрүүдө.

NaN/21

Украинанын Черноморск портун Болгариянын Варна, Грузиянын Поти жана Батуми, Түркиянын Самсун шаарлары менен темир жана деңиз жолдору байланыштырат. Муну менен порт Ортоңку коридордо стратегиялык маанилүү жерге айланды. Бирок Орусиянын согуш баштаганы ал жерди өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүнө көлөкө түшүрдү. Андыктан Черноморсктун бул маршруттагы орду уруштун жыйынтыгына жараша аныкталмакчы.

NaN/21

Польша Орусия жана Беларус аркылуу Еврошаркетке кетчү түндүк маршруттагы негизги пункт болчу. Ошол инфраструктураны эми Ортоңку коридор үчүн пайдаланып келатышат. Варшаваны Румыния жана Украина менен авто жана темир жол байланыштырат. Шаар блоктун ички рыногуна, атап айтканда, Германия, Эстония, Литва жана Латвияга дарбаза катары колдонулат. Ал жактан товарлар ошондой эле чыгышка, Кавказ, Борбор Азия, Кытайга жөнөтүлөт. Ал жакта кайрадан маршруттун башка жерлериндегидей эле тоскоолдуктар жаралат.

NaN/21

Жаңы дем, эски көйгөй

Ортоңку коридор ири компаниялар менен өлкөлөрдүн кызыгуусун жаратканы талашсыз. Бирок мурда болуп көрбөгөндөй жаңы дем берген жагдайларга карабай, маршрут көп чыгым жана соодадагы олку-солку абалдан улам пайда болгон кыйынчылыктар менен күрөшүп келатат.

Экономисттер бул жолдун келечеги кандай болорун азырынча так айта алышпайт. Бирок Орусияны кыйгап өтүп, Кытай менен Европаны туташтыруучу көпүрө катары каралган коридорго кызыгуу өсмөкчү. Себеби өлкөлөр менен компаниялар туруктуу эмес геосаясий абалда альтернативалык соода маршруттарын табууга дилгир.

Прогноздор көрсөткөндөй, бул маршрут бир күнү Кытай менен Европа ортосундагы транзитти 12 күнгө чейин кыскартышы мүмкүн. Алсак, Орусияны аралап өткөн түндүк маршрут менен жүк ташууга 19 күн, Кытайдан Инди океаны аркылуу 22-37 күн кетет.

Ортоңку коридордун потенциалын өкмөттөр канчалык ишке ашыра алары алдыңкы жылдарда белгилүү болмокчу.

Тексти жазган:
Рид Стэндиш
Жасалгалаган:
Войтек Гроец, Иван Гуттерман
Редактор:
Пит Баумгартнер
Которгон:
Айнура Жекше кызы