Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:04

Орусия: 40 жылдан бери биринчи жолу телеканалдар Олимп оюндарын көрсөтпөйт


Орусияда федералдык телеканалдар Олимп оюндарын "азыркы жагдайдагы саясий негиздерден улам" көрсөтүүдөн баш тартты. Бул тууралуу Sport.ru сайты кабарлады. Буга чейин "Комсомольская правда" басылмасы бейтарап макамында саналуу гана орусиялык спортчуларга катышууга уруксат берилгендиктен, телеканалдар мелдерштерди көрсөтүүнү "туура эмес" деп чечишкенин жазган.

Орусияда соңку ирет Олимп оюндары 1984-жылы СССР бойкот жарыялаганынан улам көрсөтүлгөн эмес.

Өткөн аптада Париж олимпиадасына жолдомо алган орусиялык он балбан тең ага баруудан баш тартканы белгилүү болгон. Күрөш федерациясы тараткан маалыматта анын себеби катары санкциялык кысым жана орусиялык топтун башчыларына Парижге барууга уруксат берилбегени көрсөтүлгөн. Анда орусиялык спортчулардын катышуусуз өткөн күрөш мелдеши толук деп саналбашы керектиги белгиленген.

Май айында орусиялык балбандар Олимп оюндарындагы эркин күрөш мелдештерине 18 жолдомонун 16сын утуп алган. Бирок Эл аралык олимпиада комитетинен 10 гана чакыруу келген.

Аталган комитет былтыр декабрда Орусия Украинага кол салганда кабыл алынган санкциялардын шартында Париж Олимпиадасында орусиялыктар бейтарап макамда гана катыша алат деген чечим чыгарган. Москванын негизги союздашы Беларустун спортчуларына да ушундай чектөө киргизилген. Бул эки өлкөнүн символикаларын да колдонууга болбойт, расмий өкүлдөрү чакырылбайт.

XS
SM
MD
LG