Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:52

Орусияда иштеген беш миңдей мигрант Бишкектен жардам сурады


Орусиядагы рейд учурунда кармалган мигранттар.
Орусиядагы рейд учурунда кармалган мигранттар.

2024-жылдын алты айында Орусияда иштеген кыргызстандык эмгек мигранттарынын 4700ү Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине жардам сурап кайрылды.

Аталган мекеме Фейсбукка жарыялаган маалыматка ылайык, мигранттар өз укуктарын коргоо үчүн көмөк сурашкан. Алардын арыздары министрликтин Москвадагы өкүлчүлүгүндө каттоого алынган.

Министрликтин өкүлдөрү жарым жылда кыргызстандык мигранттардын укуктарын коргоо боюнча 25 сот отурумуна катышкан. Ошондой эле 239 кишинин иши боюнча Москвадагы полиция бөлүмдөрүнө барганы белгиленген. Андан тышкары, адистер башка шаарлардагы убактылуу кармоочу жайларга жарым жылда тогуз жолу каттап, 160тан ашуун кыргыз жараны менен жолугушуу өткөрүлгөн.

Расмий маалыматта аларга адистер кеп-кеңеш бергени айтылат, бирок канча кишиге жардам көрсөтүлгөнү белгиленген эмес.

Орусияда соңку учурда миграциялык талаптар күчөп, чет элдиктер иштеген жана жашаган жерлерди текшерүүлөр, рейддер күчөгөн.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Азаттыкка” билдиргендей, 2024-жылдын төрт айында 282 кыргызстандык Орусия Федерациясынан өз мекенине депортация болгон. Былтыр бир жылда 13025 кыргызстандык Орусиядан чыгарылган.

Расмий Бишкектин маалыматында чет өлкөлөрдө миграцияда жүргөн кыргызстандыктардын саны 2024-жылдын биринчи кварталында 655,5 миң кишини түзгөн. Алардын 400 миңден ашууну Орусияда. (SE)

XS
SM
MD
LG