Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:50

Мирзиёев Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу боюнча макулдашууну бекитти


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу боюнча соңку макулдашууну ратификациялоо мыйзамына 10-июлда кол койду.

Бул тууралуу Юстиция министрлиги кабарлады. Документтин ишке ашырылышы үчүн жоопкерчилик Транспорт министрлигине жүктөлдү.

Анын максаты – "Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жолун биргелешип куруу жөнүндө макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду жүзөгө ашыруу. Бул мыйзам "Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жолунун курулушун баштоого мүмкүндүк берет.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров "Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жол долбоорун биргелешип илгерилетүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамга 27-июнда кол койгон.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу Орусияны обочодо калтырабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:27:34 0:00

Темир жол “Кашкар - Торугарт - Макмал - Жалал-Абад - Анжиян” багытында түшөт. Анын узундугу жалпы 480 чакырымды түзсө, 311,75 чакырымы Кыргызстандын аймагынан өтөт. Кыргыз жергесинде 18 бекет, 81 көпүрө, 41 тоннель курулат. Макмалдын эки жагындагы колея эки башка өлчөмдө курулуп, ал жерге жүктү кайра жүктөөчү станция салынат. Темир жол жүк ташуучу да, жүргүнчү ташуучу да милдетти аткара алат.

Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстан өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашууга 2024-жылы 6-июнда Бээжин шаарында кол коюлган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG