Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:17

Орусия он балбаны Олимпиадага баруудан баш тартканын жарыялады


Орусия менен Беларустун балбандары. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусия менен Беларустун балбандары. Иллюстрациялык сүрөт.

Париж олимпиадасына жолдомо алган орусиялык он балбандын баары ага баруудан баш тартышты. Бул тууралуу Орусиянын Күрөш федерациясы билдирди.

Мунун себеби катары санкциялык кысым жана олимпиадалык мелдешке Орусия командасынын лидерлерине уруксат берилбегени көрсөтүлгөн.

Май айында орусиялык балбандар Жайкы олимпиада оюндарындагы эркин күрөш мелдештерине 18 жолдомонун 16сын утуп алышкан. Бирок Эл аралык олимпиада комитетинен 10 гана чакыруу келген.

"Биз Эл аралык олимпиада комитетинин биздин команданын ынтымак принцибин бузууну көздөгөн тандоосун кабыл албайбыз", - деп жазылган билдирүүдө.

Федерация ошондой эле орусиялык спортчулардын катышуусуз өткөн күрөш мелдеши толук кандуу деп саналбашы керектигин белгиледи.

Эл аралык олимпиада комитети былтыр декабрда Орусия Украинага кол салганда кабыл алынган санкциялардын шартында Париж Олимпиадасында орусиялыктар бейтарап макамда гана катыша алат деген чечим чыгарган. Москванын негизги союздашы Беларустун спортчуларына да ушундай чектөө киргизилген. Бул эки өлкөнүн символикаларын да колдонууга болбойт, расмий өкүлдөрү чакырылбайт.

Комитет орусиялык спортчулар үчүн 54, беларустарга 28 квота бөлүп берген. Комитеттин талаптарынын ичинде бейтарап макамда олимпиадага катышуучу спортчулар Украинадагы согушту колдобой, армия жана атайын кызматтар, анын ичинде "Динамо" жана ЦСКА спорт клубдары менен да байланышта болбоого тийиш.

XS
SM
MD
LG