Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:05

Жогорку окуу жайларга кабыл алуу 15-июлда башталат


Кыргызстандагы жогору окуу жайлардагы кабыл алуу учуру. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы жогору окуу жайлардагы кабыл алуу учуру. Иллюстрациялык сүрөт.

Билим беруү жана илим министрлиги маалымдагандай, Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кабыл алуунун 1-айлампасы 15-июлда башталат.

Жогорку окуу жайларга бюджеттик негизде жана келишим акыга окутуу формалары үчүн билимин аныктаган тесттин босого баллы 110 деп бекитилди. Ал эми предметтик тесттердин босого баллы 60 бойдон калтырылды.

Былтыр ЖОЖдорго кабыл алуу төрт тур менен өтөрү жарыяланып, аягында бешинчи айлампа да жарыяланган.

Быйыл Кыргызстандагы мектептерди аяктаган 60 миңдей окуучудан 50 миң 741 бүтүрүүчү Жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан. ЖРТдагы босого 110 упайдан көп алгандар жалпы тест тапшыруучулардын 66,9% түздү. ЖРТга катышкандардын ичинен 58 окуучу “Алтын сертификат” алган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG