Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:58

Украинада казакстандык журналист Айдос Садыковдун сөөгү жерге берилди


Айдос Садыков.
Айдос Садыков.

Киев облусунун Чайки айылында 5-июлда казакстандык журналист жана оппозициячыл активист Айдос Садыковду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Казакстандын бийлигин сынга алган видеоматериалдарды жарыялап келген "Бәсе" YouTube-каналынын негиздөөчүсүн 18-июнда Киевдеги үйүнүн короосунан атып кетишкен. Ал оор абалда ооруканага жеткирилип, 2-июлда эсине келбей көз жумду.

Садыков менен коштошуу зыйнатына Крым татарлар улуттук кыймылынын лидери Мустафа Жемилев, крым татар саясатчысы, коомдук ишмер Рефат Чубаров катышты. Садыковдун жубайынын айтымында, журналисттин сөөгү мусулман көрүстөнүнө коюлду.

Казакстандагы Актөбө шаарында ондогон активисттер жергиликтүү ресторанга чогулуп, Айдос Садыковду эскеришти.

ЕККУнун Маалымат каражаттарынын сөз эркиндиги боюнча өкүлү Тереза Рибейру 3-июлда Садыковдун өлүмү аны "нес кылганын" X социалдык түйүнүнө жазды.

"Жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлеринин өлтүрүлүшү - бул маалымат каражаттарынын эркиндигине чабуул. Адилеттүүлүк орношу керек", - деп жазды ал.

Украина бийлиги бул кылмышка шектүү деп казакстандык эки жаранды атаган жана алар Молдова аркылуу чыгып кеткенин кабарлаган. Казакстан бийлиги шектүүлөрдүн бири өзү казак күч кызматкерлерине барып колго түшкөнүн, бирок аны Киевге өткөрүп бербей турганын билдирген. Экинчи шектүү кармала элек.

Наталья Садыкова күйөөсүнүн өлүмүнө «Токаевдин ыплас режими» күнөөлүү экенин айтууда. Токаев эч кандай комментарий бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG