Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:10

Хабаровскиден 500дөй мыйзамсыз мигрант күч менен чыгарылды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Орусиянын Хабаровск аймагынын сот жыл башынан бери мыйзамсыз жүргөн 500дөн ашуун мигрантты күч менен чыгарды. Бул тууралуу орус маалымат каражаттары жазды.

"Административдик мыйзам бузуулар боюнча күнөөлүү деп табылган бардык адамдар депортацияланып, Орусиянын аймагына беш жылга кирүүгө тыюу салынды", - деп кабарлашты басылмалар.

Депортациялангандар арасында канча борбор азиялык бар экени белгисиз. Орусиянын ар кайсы аймактарында мигранттарга каршы рейддер уланып жатат.

Москванын жанындагы Обнинск шаарында дагы ири тинтүүлөр болду. Ага улутчул Орус коомунун ыктыярчылары да катышты. Рейддер негизинен курулуш аянтчаларында жана базарларда өткөнү кабарланды.

Омск облусунда 2-июлда "Нелегал-2024" операциясынын биринчи баскычынын жыйынтыктарын жарыялашты. Анын алкагында 300дөй мыйзамсыз мигрант аныкталган. "18 чет элдик өлкө аймагынан чыгарылып, 36сына өлкөгө кайра кирүүгө тыюу салынганы" кабарланды.

Орусияда 22-марта "Крокус Сити Холл" концерттик залында болгон теракттан кийин мигранттарга каршы рейддер жана маанай күч алды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG