Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:58

Карачай-Черкес жумуриятында никабга убактылуу тыюу салынды


Никабчан аял. Иллюстрациялык сүрөт.
Никабчан аял. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияга караштуу Карачай-Черкес жумуриятынынын Мусулман дин башкармалыгы никаб кийүүгө убактылуу тыюу салды. Бул тууралуу РБК басылмасы кабарлады. Маалыматка караганда, чектөө "аныкталган коркунучтар жоюлмайынча" күчүндө болот.

Карачай-Черкес жумуриятынын муфтийи жана Түндүк Кавказ аймагындагы Мусулмандардын координациялык борборунун башчысы Хажи Бердиевдин айтымында, мындай чечим борбордун муфтийлер кеңешинин токтомуна ылайык кабыл алынды.

3-июлда Дагестандын муфтияты "калк коопсуздугуна жаралган коркунучтан улам" никаб кийүүгө убактылуу тыюу салган.

"Орусиядагы бардык диний адамдар бул суроого жооп берүүдөн этият болуп турушат. Бирок мен жооп берем. Биз никабга тыюу салуу боюнча фатва чыгарабыз. Чындык бир. Куранда да айтылат: чындык бир, калганы адашуу", - деген эле Дагестандын муфтийи Ахмад-Афанди Абдулаев.

Ошол эле күнү Түндүк Кавказдагы Мусулмандардын координациялык борбору ошол эле күнү билдирүү таратып, никаб эч качан аймактагы элдин улуттук кийими болбогонун маалымдады.

Никабга тыюу салуу маселесин Орусиянын президентинин алдындагы Адам укуктары боюнча кеңешинин төрагасы Валерий Фадеев май айынын соңунда көтөргөн. Аны Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин колдоп чыккан.

Никаб - аялдардын көзү гана ачылган, калган жүзүн жаап турган баш кийим. Эреже катары, ал кара кездемеден жасалат. Айрым мусулман аялдар никабды хижабдын эң жакшы түрү деп эсептешет.

Паранжы - аялдардын баш кийими. Аны кийген аялдын көзү гана көрүнүп, ал тор менен жабылат. Айрым ислам теологдорунун пикири боюнча аялдарга жүзүн жашыруунун кажети жок жана муну исламдын буйругу деп айтуу мүмкүн эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG