Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:16

Садыр Жапаров ТМУнун саммитине катышуу үчүн Азербайжанга жөнөп кетти


Садыр Жапаров атайын учакта. Иллюстрациялык сүрөт.
Садыр Жапаров атайын учакта. Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-июлда, иш сапар менен Азербайжанга жөнөп кетти. Бул тууралуу Президенттин администрациясы кабарлады.

Мамлекет башчысы бул сапардын алкагында 6-июлда боло турган Түрк мамлекеттеринин уюмуна (ТМУ) мүчө-өлкө башчыларынын бейформал саммитине катышат.

Уюмдун мамлекет башчыларынын кезексиз жолугушуусунун темасы “Транспорт, байланыш жана климаттык ишмердүүлүк аркылуу туруктуу келечекти калыптандырууну камсыз кылуу” болуп саналат.

Саммитте уюмга мүчө мамлекеттердин лидерлери жаратылыш коркунучтарынан келип чыккан табигый кырсыктарга, климаттын өзгөрүшүнө жамааттык жооп кайтаруу чараларын жана ТМУга мүчө өлкөлөрдүн транспорттук өз ара байланышын бекемдөөнү талкуулашат.

Кыргызстандын делегациясынын курамында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев, Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Максат Мамытканов, транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев жана башкалар бар.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 3-4-июль күндөрү Казакстандын Астана шаарында болуп, Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйына катышты. Жапаров жыйындын алдында Астанада Кытайдын лидери Си Цзинпин жана Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жекече жолугушууларды өткөрдү. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG