Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:44

"Электр станциялары" ишканасына жаңы жетекчи дайындалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Электр станциялары" ишканасына Салават Садыракунов башкы директор болуп дайындалды. Аны 4-июлда ишкананын эмгек жамаатына энергетика министри Таалайбек Ибраев тааныштырды.

Салават Садыракунов ушул эле кызматка 2021-жылдын аягында дайындалып, былтыр августта кайра алынган.

Энергетика министрлигине караштуу "Электр станциялары" ишканасынын башкы кеңсеси Кара-Көл шаарына көчүрүлгөн. Министр буга байланыштуу кызматкерлер үчүн кеңсе жана турак жай маселесин чечүүнү тиешелүү тармактарга тапшырды.

Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекемени буга чейин Таштан Коңурбаев жетектеп келген. Анын кызматтан алынган себеби тууралуу маалымат берилген жок.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев иш сапары алкагында Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу, Токтогул суу сактагычындагы суунун абалы менен таанышты.

5-июлга карата Токтогул суу сактагычына 11,2 млрд метр куб суу топтолду. Плотинага секундасына 927 метр куб суу агып кирсе, кайра 472 метр куб суу агып чыгууда.

Быйыл марттын башында Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7,5 млрд метр кубга чейин төмөндөгөн. Өкмөт электр энергиясын берүүнү бир нече күнгө чектеп, керектөө лимитин азайткан.

Токтогул суу сактагычына 19 млрд метр кубдан ашуун суу батат. Мындай көлөмдөгү суу акыркы жолу 2010-жылы чогулган. Суу сактагыч Нарын дарыясына курулган. Ага Көкөмерен, Чычкан, Узун-Акмат, Таркент жана башка дарыялар куят.

2007-2008-жылдары Токтогул ГЭСинде суу 7-8 млрд метр кубга чейин азайып, элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилген.

Адистер суунун көлөмү 6,5 млрд метр кубга түшкөндө ГЭСтин иши токтоп кала турганын эскерткен. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG