Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:50

Бишкекте жаңы “Ош базарды” камтыган көп функционалдуу шаарчанын курулушу башталды


Турак жай кварталын, “Ош базарынын” жаңы комплексин, жаңы Батыш автобекетин жана башка социалдык объектилерди камтыган көп функционалдуу шаарчанын долбоору.
Турак жай кварталын, “Ош базарынын” жаңы комплексин, жаңы Батыш автобекетин жана башка социалдык объектилерди камтыган көп функционалдуу шаарчанын долбоору.

5-июлда Бишкек шаарында турак жай кварталын, “Ош базарынын” жаңы комплексин, жаңы Батыш автобекетин жана башка социалдык объектилерди камтыган көп функционалдуу шаарчанын курулушу башталды. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Курууга мезгил кутусун салуу иш-чарасына Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев, шаар мэри Айбек Жунушалиев, “Кыргызстройсервис” мамлекеттик ишканасынын директору жана башкалар катышты.

Комплекс Фучик көчөсүнүн батыш тарабында, Бишкектен аэропортту көздөй бараткан жолдун жээгинде жайгашат. Болжолдонгон аймактын жалпы аянты 162 гектарды түзөт.

Курулуш үчүн шарттуу түрдө сунушталган жер үч чоң аймакка бөлүнөт. Биринчиси соода, экинчиси өнөр жай жана үчүнчүсү турак жай зонасы болот. Алардын баары парк аймактары менен бөлүнөт.

Соода жана базар комплекси төрт кабатта жайгашкан дүкөндөрдү, күркөлөрдү жана кафелерди камтыйт. Биринчи кабаттарды тамак-аш сатуучу жайлар ээлейт. Калган кабаттарда өнөр жай, текстиль жана тиричилик товарларын сатуучу соода түйүндөр жайгашат.

Базардын имараты эки көлөмдүү кире бериш тобуна бөлүнгөн тегерек формага ээ. Имараттын дагы эки өзүнчө кире бериши болот. Базардын имаратынын короосу эки аймакка бөлүнүп, чатыры айнек менен жабылган дүң базар жана чоң эс алуучу аймак түшөт.

Соода комплексинин жанаша жайгашкан аймагында мейманкана, чоң автобекет жана бизнес борбор куруу пландаштырылууда. Мындан тышкары курулуш базарларына жанаша жайгашкан аймактарда мечит, медициналык жана спорт борборлору, ресторандарды жайгаштыруу каралууда.

Долбоорлоочу тилкенин түштүгүндө ири турак жай комплекси, анын ичинде төрт кабаттуу 58 турак үй, мектеп жана бала бакча курулмакчы. Турак жай секторунда эс алуу зоналарын, жанаша унаа токтоочу жайларды жана балдар аянтчаларын долбоорлоо пландаштырылууда. Аны менен чектешкен жашыл сейил бакта маданий иш-чаралар үчүн аянт, спорттук-ден соолукту чыңдоочу аянтча, балдар аянтчасы жана эс алуу үчүн сейилдөөчү аянтча болот.

Бул масштабдуу долбоор шаардык инфраструктураны жакшыртууга багытталган. Батыш автобекети менен борбордогу “Ош базарын” жаңы комплекске көчүрүү менен шаардагы тыгын көйгөйлөрүн чечет деп күтүлүүдө.

"Ош базарын" шаардын чет жакасына көчүрүү идеясы мурдатан айтылып келген. Бул анын айланасындагы тыгынды азайтуу, калаанын бул бөлүгүн иретке келтирүү жана башка максаттарды көздөй турганы кеп болгон.

Мурдагы мэр Эмилбек Абдыкадыров 2023-жылы “Ош” базары, “Сары-Өзөн” базары, Чыгыш жана Батыш автобекеттери шаардын сыртына жылдырыларын билдирип, аэропортко бараткан жолдо жер тилкеси бөлүнгөнүн айткан. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG