Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:43

“Аккула” ат майданын сатуу боюнча экинчи аукцион 11-июлга белгиленди


“Аккула” ат майданы жана анын административдик имараты.
“Аккула” ат майданы жана анын административдик имараты.

Бишкек шаарындагы “Аккула” ат майданын сатуу боюнча экинчи аукцион 11-июлга белгиленди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Термечиков көчөсүнүн №1 дарегинде жайгашкан “Аккула” ат майданынын жерин сатуу үчүн биринчи аукцион апрелдин башында жарыяланып, 16-майга белгиленген. Арыз жоктугуна байланыштуу ал өтпөй калып, майдын аягында кайрадан аукцион жарыяланган.

Алгач аукцион жарыяланган маалда социалдык тармактарда аталган демилгени сынга алгандар ат майдандын жерин паркка айлантууну сунуштап чыгышкан. Бишкек мэри Айбек Жунушалиев муну журналисттерге комментарийлеп жатып, “шаарда батирге муктаж жарандар көп экенин айтып, көп кабаттуу үйлөр түшкөнү туура болот” деп айткан.

Ат майдандын аянты 45,73 гектар жерди түзөт жана андагы имараттардын аянты 1818,5 чарчы метрге жетет. Көз карандысыз эксперттер ипподромго баалоо жүргүзүп, объекттин баштапкы баасын 8,7 млрд сом деп эсептеп, ушул суммага аукционго коюлган.

Улуттук оюндардын түрлөрү боюнча мелдештер өтүп келаткан, үч миң орундуу “Аккула” ("Ак-Кула") ат майданы 1947-курулган. Мэрия анын жалпы аянты 57,4 гектар, 1,6 гектары боюнча соттук териштирүүлөр жүргөнүн, ипподром авариялык абалда, адамдар үчүн кооптуу экенин билдирип келет.

Президент Садыр Жапаров быйыл 21-мартта жаңы “Аккула” ат майданынын курулушуна капсула салган. Ал Сокулук районунун аймагында – Бишкек-Ош жолунун боюнда курулат. Ал үчүн 215 гектар жер бөлүнгөн, 20 миң орундуу болот. Жапаров эски “Аккула” ат майданынын ордуна ипотекалык кабат үйлөрдү куруш керек экенин айткан. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG