Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:11

"Тез жардам" кызматкери сабалган окуяны милиция иликтеп жатат


Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.
Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.

Бишкекте "Тез жардамдын" кызматкери сабалды деген окуяны Ленин райондук милициясы иликтеп жатат. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

30-июнда белгисиз аял "Тез жардамда" иштеген кызматкерди урганы тартылган видео интернетке тараган. Окуяга күбө болгондордун айтымында, ичи ооруп калган баланын апасы "Тез жардам" чакырган. Медиктер текшерүүдөн кийин баланы ооруканага жаткырууга негиз жоктугун, абалы туруктуу экенин билдирген. Күбөлөр ортодо талаш чыкканын белгилешүүдө.

"Тез жардам" борборунун директорунун орун басары Егор Борисов медайым кош бойлуу экенин, мээси чайкалып, денесине кан уюп ооруканага жаткырылганын маалымдады. Милицияга арыз жазылган.

Кыргызстанда медицина кызматкерлерине бейтаптардын жакындары сабаган же басмырлаган окуялар буга чейин да болгон. Февралда Ош шаарында милиция облустук психиатрия жана наркология борборунун дарыгерлерин сабаган деп шектелген жаранды кармаган. Былтыр декабрда Бишкектеги Улуттук госпиталдын нөөмөтчү дарыгерине бейтаптардын биринин жакындары кол салган.

Жогорку Кеңеш дарыгерлерге кол салуу фактыларынын көбөйүшүнө чара көрүп, медицина кызматкерлерин жумуш учурунда коргоого, кол салгандарга жазаны катаалдаштырууга багытталган мыйзам долбоорун демилгелеген. Июндун башында ал документти парламенттин Социалдык саясат боюнча комитети биринчи окууда жактырган. (SE)

XS
SM
MD
LG