Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:55

Талантаалы Бакчиев "Манас" академиясынын жетекчилигинен кетти


Талантаалы Бакчиев.
Талантаалы Бакчиев.

"Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясынын жетекчиси Талантаалы Бакчиев ээлеген кызматынан бошотулду. Буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгону 22-июнда өкмөттүн сайтына жарыяланды.

"Азаттык" Бакчиевдин өзүнө байланышканда, бул маалыматтан кабары жок экенин билдирди.

Манасчы, "Манас" эпосун изилдөөчү, филология илимдеринин доктору Талантаалы Бакчиев "Манас" жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясынын президенти болуп 2021-жылдын декабрь айында дайындалган. Ага чейин академияны коомдук ишмер, маркум Топчубек Тургуналиев жетектеп келген.

"Манас" жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясы мамлекеттик академиясы кыргыз элинин эпикалык маданиятын, Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк мааниге ээ көркөм, гуманисттик, философиялык-этикалык мурасын сактоо жана жайылтуу, ар тараптан терең изилдөө үчүн түзүлгөн. (МZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG