Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:24

Журналист Болот Темиров прокуратуранын билдирүүсүнө жооп кайтарды


"Temirov Live" жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун негиздөөчүсү Болот Темиров жубайы Махабат Тажибек кызынын тергөө абагында сабалышы боюнча прокуратуранын билдирүүсүнө жооп кайтарды.

Ал прокуратура тергөө абагындагы адам укугу бузулуп, кармалып турган бир нече адам сабалган кылмышты жашырып жатат деген пикирин "Азаттыкка" билдирди:

"Биринчиден, Махабат эле эмес, анын жанындагылар да жабыркашкан. Экинчиден, алардын баары прокуратурага арыз жазышкан. Үчүнчүдөн, ошол эле тергөө абагынын кызматкерлери улам көрсөтмөлөрүн өзгөртүп жатат. Башында алар Махабатты керебетке урунуп алды дешкен. Сүрөттөрдү көргөндөн кийин теңирден тескери кетишти. Демек, алардын сөзүнө ишенүүгө болбойт. Мен муну Башкы прокуратура жана атайын прокуратура тарабынан тергөө абагындагы кылмышты жаап-жашыруу катары баалайм".

Болот Темиров прокуратуранын расмий билдирүүсүн колуна алары менен сотко даттанарын кошумчалады.

Атайын прокуратура 18-июнда билдирүү таратып, Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалып турган журналист Махабат Тажибек кызынын сабалганы айтылган окуя боюнча кызматтык иликтөө аягына чыкканын маалымдаган. Анда абактагы журналистке жаза аткаруу кызматкерлери тарабынан орой мамиле болбогону, Махабат Тажибек кызы өзү мыйзамсыз аракеттерге барганы далилденгени белгиленген. Ошондой эле бул окуя боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартканын билдирген.

6-апрелде "Temirov Live" жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун негиздөөчүсү Болот Темиров жубайы Махабат Тажибек кызын жана аны менен тергөө абагында чогуу отургандарды убактылуу кармоочу жайдын кызматкерлери ур-токмокко алганын билдирген.

Жаза аткаруу кызматы бул маалыматтар чындыкка дал келбей турганын белгилеген.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Temirov Live” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

Учурда төрт журналист – “Temirov Live” жана “Айт, айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана “Temirov Live” редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева камакта жатат. Калгандары түрдүү себептер менен үй камагына чыгарылган.

Ишти Ленин райондук соту карап жатат.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG