Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:17

Путин согушту токтотуу шартын айтты, Украина аны "мазактоо" деп атады


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Орусия эгерде Украина Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсон облустарынан аскерлерин толук чыгарып кетип, НАТОго мүчө болуудан баш тартса ошол замат өзүнүн чабуулдарын токтоторун жана тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоого даяр болорун бүгүн 14-июнда орус президенти Владимир Путин билдирди.

Эгер бул шарт аткарылса, Орусия соккуларын «дароо» токтоторун Путин Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) жетекчилиги менен жолугушууда сүйлөп жатып айтты.

Ыктымал тынчтык келишиминин шарттары катары ал Орусиянын Крымды жана Украинанын төрт облусун аннексиялап алгандыгынын эл аралык таанылышын жана Украинанын ядролук куралсыз макамын атады. Тынчтыкты жөнгө салуу жараяны жүрүп жатканда Батыш өлкөлөрү, Путиндин пикиринде, Москвага каршы жарыялаган санкцияларынын баарын токтотушу керек болот.

Путин Украинага 2022-жылы сунуш кылынган тынчтык келишиминде Запорожье жана Херсон облустарынын аннексиясы тууралуу талаптар болбогонун, бирок азыркы тапта Москва алардан баш тартууга даяр эместигин айтты.

Эгер Украина жана аны колдогон Батыш өлкөлөрү бүгүн айтылган шарттардан баш тарта турган болсо, Путиндин айтымында, Москванын талаптары кайра катуулайт.

Украин президенти Владимир Зеленский Путиндин сунушун "ишенүүгө болбой турган ультиматум" деп атады. Анын пикиринде, Путин атышууну токтотуу тууралуу талабы аткарылган күндө да согуштук чабуулдарын токтотпойт.

"Бул билдирүүлөр ультиматум. Буга чейин да айтылып келген башка да ультиматумдарынан эч кандай айырмасы жок", — деди Зеленский италиялык Sky TG24 телеканалынын суроолоруна жооп берип жатып.

Путиндин бүгүнкү билдирүүсү Швейцарияда Украина боюнча 80дей өлкө катышканы жаткан тынчтык саммитин утурлай айтылды.

Саммитте Киев коё турган шарттар, башкача айтканда, украин президенти Владимир Зеленскийдин «тынчтык формуласы» деп аталган сунуштар талкууланары жарыяланган. Анын негизги өзөгүн орус аскерлеринин Украина аймагынан, анын ичинде Крымдан толук чыгып кетиши, Орусиянын согуш кылмышкерлеринин үстүнөн эл аралык сот жараянын жүргүзүү, Москваны репарация төлөтүү деген шарттар түзөт.

Бул формула 2022-жылы украин армиясынын Харьков облусунун олуттуу бөлүгү жана согуш башталгандан кийин Москва ээлеп алган украиналык жалгыз административдик борбор Херсон бошотулуп, ийгиликтүү жыйынтыкталган контрчабуул операциясынан кийин аныкталган.

НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг Путин койгон шарттарды «мындан да көп агрессияга, оккупацияга» карай жол деп сындады.

Украин президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк "Мында эч кандай жаңылык, чыныгы тынчтык сунушу жана согушту токтотууга чыныгы ниет жок. Бирок бул согуштун чыгымын төлөбөө жана аны жаңы форматта улантуу ниети бар. Мунун баары фарс. Ошондуктан, айтарым, иллюзияга алдырбагыла, эл аралык укуктун мынчалык мазакталышын «Орусиянын сунушу» деп атабагыла жана олуттуу кабыл албагыла" деп Х (мурдагы Twitter) социалдык түйүнүнө жазды. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG