Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:33

Бишкекте Пакистан жана Бангладеш жарандары мушташты


ИИМ имараты.
ИИМ имараты.

Бишкекте Пакистандын жана Бангладештин жарандары, жалпысынан 36 киши калайман мушташка байланыштуу милицияга жеткирилгенин бүгүн 12-июнда Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя 11-июнга караган түнү болгон. Милицияга 8 чет элдик жаран бири-бири менен мушташып жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Пакистан жана Бангладеш жарандары уруша кетип, андан соң мушташ башташканы аныкталганы, милиция тергөөгө чейинки териштирүү жүргүзүп жатканы кабарланды.

16 кишиге Кыргызстандын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин «Чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасында белгиленген жүрүү тартибин же эмгек ишин жүзөгө ашыруу же транзиттик өтүү эрежелерин бузуусу» деген беренесинин негизинде протокол түзүлгөнү маалым болду.

Мушташкандардын бирөөнү Свердлов райондук соту ошол эле кодекстин «Майда ээнбаштык» беренесинин негизинде айыптуу деп таап, 5500 сом айыппул салды, экөөнү үч суткага камакка алды. Калгандары менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Милиция белгилегендей, чет элдиктердин экөө маңзат таасири алдында мас экенин медициналык текшерүү аныктаган.

Кыргызстанда Пакистан, Индия, Бангладеш өлкөлөрүнөн келген студенттер соңку беш жыл ичинде көбөйгөнү белгилүү. Ал эми акыркы бир-эки жыл ичинде бул мамлекеттерден эмгек мигранттары дагы агылып, тигүү, тейлөө тармагында иштей баштады.

ИИМ быйыл 13-майга караган түнү Кыргызстан менен Египеттин жарандарынын мушташы жана ушул мушташ тартылган видеодон кийин 18-майга караган түнкү башаламандыкта 49 киши жабыркаганын билдирген. 13 киши кылмышка шектүү катары аныкталган. Алардын ичинен төртөө Египеттин, калган жети адам Кыргызстандын жарандары.

18-майга караган түнү Бишкек менен Чүйдө жалпы жети жайга кол салуу болгон. Анын ичинен адамдар Бишкекте чет элдик, арасында пакистандык студенттер жашаган алты жатаканага жана мейманкага кирип башаламандык кылып, чет өлкөлүктөрдү уруп-сабаган. Ушул эле күнү Чүйдүн Аламүдүн айылында тигүү цехинде жашап иштеген Индиянын, Бангладештин жана Пакистандын жарандарына 60-70 киши кирип барып сабап, акчасын, уюлдук телефондорун алып кетишкен. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен бир кылмыш иши козголуп, 14 киши жабыркаганы аныкталган. Беш киши кылмышка шек саналып кармалган.

Бул окуялардан кийин Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөдө мыйзамсыз миграцияга каршы күрөш күчөтүлгөнүн, атайын кызмат менен Ички иштер министрлигинин биргелешкен иш-аракети жүрүп жатканын билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG