Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:08

312 чакырымы Кыргызстандан өтөт. Темир жол келишими, үч президенттин батасы


Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун картасы
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун картасы

Сүйлөшүүлөрү 20 жылдан ашык созулган Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу иштерине негиз түзө турган юридикалык келишимге 6-июнда Бээжинде расмий түрдө кол коюлду.

Кытайдан башталып, Европаны беттеген жол Орто Азия мамлекеттерин кесип өтөт.

Деңизге түз чыга албаган Кыргызстандын жетекчилиги көп жылдардан бери бул ири долбоорго чоң үмүт артып келатат.

Долбоорго бата берилгени менен, аны каржылоонун булактары, башкаруу формасы дагы деле болсо көпчүлүккө ачыктала элек.

"Бээжиндеги укуктук келишим - долбоордун жаңы этабы"

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол долбоору Кыргызстандын тоолорунда айрым жерлерде бийиктиги 3000 метрден ашкан 50дөн ашык туннелди жана 90 көпүрөнү курууну камтыйт.

Буга чейинки жарыяланган маалыматка таянсак, Кыргызстанда жолдун жалпы узундугу 311 чакырымды түзөт жана болжолдуу наркы 4,7 млрд долларга турмакчы. Багыттардын өзгөрүшүнө жана курулуштун аткарылышына байланыштуу алымча-кошумча болушу мүмкүн.

Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматы боюнча жол тилкеси Кыргызстандын аймагында Торугарт - Кош-Дөбө - Казарман - Жалал-Абад багыты аркылуу өтүүгө тийиш.

Кытайда темир жолдун эни 1435 мм түзөт. Бул дүйнөдө эң кеңири таралган стандарт. Ал эми постсоветтик мейкиндиктеги, анын ичинен Кыргызстан менен Өзбекстандагы темир жолдордун эни 1520 мм болот. Темир жол Макмалга чейин 1435 мм ичке жол менен кетет. Жолду алмаштыруу базасы Макмалда жайгашат.

Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, бул долбоор ишке ашса, үч өлкөнүн Жакынкы Чыгышка, Түштүк Европага жетер жолун дээрлик 900 чакырымга кыскартат.

Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушу быйыл башталары көптөн бери айтылып келаткан. 6-июнда Бээжин шаарында аны биргелешип куруу жөнүндө макулдашууга кол коюу аземи өттү.

Юридикалык күчкө ээ маанилүү документке Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев, Кытай Эл Республикасынын өнүктүрүү жана реформа боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Чжэн Шанжие жана Өзбекстан Республикасынын транспорт министри Илхом Махкамов кол коюшту.

Макулдашууга кол коюу. Солдон оңго - Кыргызстандын транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев, Кытайдын өнүктүрүү жана реформа боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Чжэн Шанжие жана Өзбекстан транспорт министри Илхом Махкамов. 2024-жылдын 6-июну. Бээжин, Кытай.
Макулдашууга кол коюу. Солдон оңго - Кыргызстандын транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев, Кытайдын өнүктүрүү жана реформа боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Чжэн Шанжие жана Өзбекстандын транспорт министри Илхом Махкамов. 2024-жылдын 6-июну. Бээжин, Кытай.

Жыйындын катышуучуларына үч мамлекеттин президенттери видео кайрылуу жолдоду.

Садыр Жапаров узак жылдар ишке ашпай келген долбоорду алдыга жылдырууда тараптар акыркы үч жылда оң натыйжаларга жеткенине токтолду:

"Бул долбоор – “Бир алкак - бир жол” демилгесинин маанилүү бөлүгү. Көп жылдык сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, биздин жалпы чечкиндүүлүгүбүздүн жана колдообуздун аркасында тараптар акыркы 2-3 жылда олуттуу прогресске жетише алды. Үч өлкөнүн өкмөттөрү долбоорду ишке ашырууда колдоо көрсөтүүгө даяр. Долбоор Кыргыз Республикасынын, Кытай Эл Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын ортосундагы жаңы доордо баарын өзүнө камтыган стратегиялык өнөктөштүктүн алкагындагы кызматташуунун символу болот. Евразия мейкиндигинде бул негизги континенталдык көпүрөнү түзүү биздин элдерге олуттуу пайда алып келет".

Садыр Жапаровдун маалыматы боюнча, үч өлкөнүн биргелешкен аракети менен 2023-жылдын ортосунда долбоордун техника-экономикалык негиздемеси даяр болду. Андан кийин тараптар биргелешкен ишкана түзүп, долбоорду жүзөгө ашыруунун механизмдерин макулдашууга киришти.

Ал 2023-жылы май айында Бээжинде Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолуккан маалда темир жолдун курулушун тез арада баштоону талкуулаганын айтты.

6-июнда Министрлер кабинети өз маалыматында: “Келишимге кол коюу долбоорду ишке ашыруудагы маанилүү кадам болуп саналат. Ал үч өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун негизги принциптерин жана механизмдерин, анын ичинде темир жолду каржылоону, курууну, эксплуатациялоону жана тейлөөнү аныктайт”, - деп билдирди.

Келишимдин кол коюлушуна байланыштуу 6-июндагы кайрылуусунда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев “Бир алкак – бир жол” концепциясына салым кошо турган долбоор улам барган сайын арымы арткан товар ташуунун жылдык көлөмүн 15 млн тоннага жеткирип, жүктү акыркы керектөөчүгө жеткирүүнүн мөөнөтүн 7 күнгө кыскартат деп билдирди:

“"Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жол каттамы тарыхый Улуу Жибек жолун бойлоп өтөт. Чынында, биз көптөгөн кылымдар бою соода байланыштарын жана маданий алаканы өнүктүрүүгө кызмат кылган бул байыркы коридорду заманбап шартта кайра калыбына келтирип отурабыз. Бул темир жол магистралы Кытайды биздин аймак менен байланыштырган жолдун эң кыска "нугу" болорун баса белгилейм. Талдоолор көргөзгөндөй, долбоор жүк ташуунун өсүп жаткан көлөмүн майнаптуу тейлөөгө, аларды ташуунун мөөнөтүн жана баасын кескин кыскартууга мүмкүндүк берет”.

Өзбек президенти “долбоорду ишке ашыруунун экономикалык натыйжасын бардык өлкөлөрүбүз сезет. Жаңы ишканалар жана он миңдеген жумуш орундары пайда болуп, жарандарыбыздын жашоо деңгээли жогорулайт” деп кошумчалады

Келишимге ылайык, темир жол Кашгар - Торугарт - Макмал – Жалал-Абад - Анжиян багыты менен өтөт.

Кытайдын лидери Си Цзинпин дагы өз кайрылуусунда 6-июндагы келишимдин маанисине токтолуп, ал Борбор Азия менен стратегиялык кызматташууга чоң салым кошорун айтты:

“Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу – Кытай менен Борбор Азияны бириктире турган, үч өлкөнүн ортосундагы "Бир алкак - бир жол" кызматташуусун жүзөгө ашыруучу стратегиялык, маанилүү долбоор. Өкмөттөр ортосунда кол коюлган келишим бул темир жолдун курулушуна укуктук бекем негиз түзүп, идея катары айтылып келген долбоорду реалдуулукка айлантып, эл аралык коомчулукка үч өлкөнүн кызматташтыкты бекемдөөдөгү жана өнүгүүгө умтулуудагы чечкиндүүлүгүн көргөзөт”.

Си Цзинпин темир жол аймактын элинин жашоо-шартын жакшыртууга салым кошорун эске салып, анын өлкөсү биргелешип өнүгүүгө мындан ары дагы даяр экенин кошумчалады.

“Кыргыз темир жол” мамлекеттик ишканасынынын башкы директору Азамат Сакиев Бээжинде журналисттерге берген интервьюсунда долбоор Борбор Азия эле эмес, Перс булуңу үчүн да чоң мааниге ээ деген оюн айтты:

“Өзүңүзгө жакшы маалым, өткөн жылы эки президент Самаркандда жолугушуп, долбоорду тезирээк турмушка ашырууга макулдугун бергени ишти алдыга жылдырууга чоң түрткү болгон. 30 жылда сөз жүзүндө келген долбоор эми минтип үч өлкөнүн аракети менен иш жүзүнө ашып отурат. Долбоор биздин гана мамлекеттер үчүн эмес, жалпы Борбор Азия жана Перс булуңу үчүн чоң мааниге ээ. Долбоордун алкагында логистикага чоң маани берилип жатат, бул жалпы аракеттер менен ишке ашат. Муну менен биз Улуу Жибек жолун улантабыз. Биргелешкен аракеттер менен темир жол ачып, Кытайдан Европага поезддер жаңы багыт менен каттай баштамакчы”.

6-июнда Бээжиндеги жыйында да, ага байланыштуу кайрылуу жасаган үч президенттин сөзүндө дагы долбоордун качан башталары жана ал канча каражатка курулары тууралуу маалыматтар айтылган жок.

Болгону Өзбекстандын транспорт министри Илхом Махкамов журналисттерге кол коюлган бул келишимден кийин эми тараптар деталдуу жумуштарга киришерин, иш октябрдан тартып кызый турганын билдирди.

Долбоордун каржысы жана темир жолдун эни

Долбоордун каржы булактары, ал кандай маршрут менен салынары, темир жолдун эни канча болору жана иш бүткөндөн кийин аны башкаруу формасы үч мамлекеттин бийликтеринин көп жылдык сүйлөшүүлөрүнүн предмети болуп келген.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров акыркы ирет "темир жолдун курулушуна 8 миллиарддай доллар жумшалат" деген болчу.

Бул сумманы Азия өнүктүрүү банкынын Борбордук жана Батыш Азия боюнча башкы директору Евгений Жуков бир ай мурда, 4-майда Тбилисидеги жыйында бекемдеди.

"Бул иш-чарага даярданып жатып, мен бул долбоордун сметалык наркы боюнча жаңы маалыматтарды карадым. Мен көргөн акыркы сумма - 8 млрд доллар. Кыргыз Республикасы үчүн бул долбоорду ишке ашыруу кыйла кымбатка турары анык. Бирок биз бул долбоорду каржылай турган атайын фонд түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканынан кабардарбыз. Биз бул боюнча өкмөт менен кызматташуудабыз", - деди ал.

Акылбек Жапаровдун маалыматына ылайык, жолдун Казарманга чейинки 170 чакырымдай аралыгын Кытай өз алдынча курууга киришкен. Ал эми Кыргызстан Казармандан Жалал-Абадга чейинки бөлүктү курууга жумшала турган акчаны Өзбекстан менен биргелешип издеп жатат.

Өзбекстандын расмий кызматкерлери жолдун наркы 4,7 млрд доллар турат деген маалыматты бөлүшкөн болчу.

Насыя берүүгө буга чейин бир катар дүйнөлүк каржы уюмдары макулдугун билдирген. Эл аралык валюта кору баштаган глобалдык банктар долбоордун маанилүүлүгүн айтып келишет.

Каттамдын багыты жана узундугу

Темир жол Борбор Азия өлкөлөрүн жол туңгуюгунан алып чыгары болжонууда.

Жаңы маршрут менен Европага жүк азыркыдан 7-8 күнгө эрте жетет.

Анын жардамы менен Кыргызстан, Өзбекстан дүйнөлүк сооданын күрөө тамырына кошулууга далалат жасап жаткан чак.

Ошондон улам Кыргызстан бул долбоорго өзгөчө маани берип келатканы белгилүү.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев каттам Кыргызстан каалаган географиялык ченем менен өтүшүнө жетишүү үчүн бир катар татаал сүйлөшүүлөрдү баштан кечиргенин бир нече ирет белгилеген болчу.

Акыры шпалдар Кыргызстандын Торугарт - Кош-Дөбө - Казарман - Жалал-Абад багыты менен төшөлмөкчү болду.

Бээжинде айтылган акыркы маалыматтар боюнча, темир жол жалпысынан 486 чакырымга созулат, анын 312 чакырымы Кыргызстанды аралайт. Бул аралыкта узундугу жалпысынан 57 чакырымды түзгөн бир нече туннелдер курулмакчы. Мындан тышкары вагондордун дөңгөлөгүнүн энин алмаштыра турган бир нече станциялар да салынмакчы.

"Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жолун биргелешип салуу меморандумуна 2022-жылы сентябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде кол коюлган.

Кытай менен сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы – темир жол

Кыргызстан темир жол аркылуу жүк ташылгандан түшө турган транзиттик алымдар казынага миллиарддаган доллар киреше берет деп үмүт артып келатат.

Быйыл Кытайдын расмий адамдары менен жолугушуулардагы сүйлөшүүлөрдүн негизги предмети да темир жол болуп келди.

Алгач 19-мартта Жалал-Абад шаарында "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик компаниясынын башкы директору Азамат Сакиев менен "Кытай темир жолу" корпорациясынын директорунун орун басары Ванг Тунцзен жетектеген делегациялар жолугушкан. Алар "Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жолунун мурда иштелип чыккан техника-экономикалык негиздемесиндеги айрым маалыматтарды жолдун нугунда туруп такташкан. Андай иштер Нарын облусунда да уланды.

Марттын башында болсо Акылбек Жапаров баштаган адистер Кашкар шаарына барып, ал жерде Кытай менен Өзбекстандын жогорку кызмат адамдары менен жолуккан.

Быйыл 18-майда Садыр Жапаров Кытайдын вице-премьери Лю Гочжунду кабыл алганда ""Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жолунун курулушу эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык өз ара аракеттенүүнү сапаттык жаңы деңгээлге көтөрө турган эң ири транспорттук долбоор болуп калат” деген.

Өткөн жылы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы сооданын көлөмү 20 миллиард долларды түзүп, тарыхый көрсөткүчтү басып өттү.

  • 16x9 Image

    Кубат Оторбаев

    "Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусунун алып баруучусу жана саясат, экономика, эл аралык алакалар багытында баяндамачы. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG