Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:19

Маданият министрлиги Жыргалаңда мамонттун сөөгү табылганын билдирди


Табылган мамонттун сөөгү.
Табылган мамонттун сөөгү.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда мамонттун сөөгү табылганын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Мекеменин билдирүүсүндө, 2-июнда табылга тууралуу карьердин ээси Рустам Карыпбаев кабарлап, эртеси археологдор жерине барган.

Алардын текшерүүсүндө карьерде 3-5 метр тереңдиктеги кум-шагыл арасынан 140-150 метр аралыкта эки башка жерден тиштин жана астыңкы жаактын сыныктары табылганы белгилүү болгон. Азуу чыккан жерди тазалоодо көмүлгөн сөөктүн бир бөлүгү табылган.

Сөөктөр начар абалда болгондуктан, археологдор баш сөөктүн бир бөлүгүн гана алып чыга алышкан. Консервациялангандан кийин бардык табылгалар музейге өткөрүлөт.

Табылганы казуу учуру.
Табылганы казуу учуру.

2016-жылы да Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Чолок айылына караштуу аймакта мамонтко окшош жаныбардын сөөгү табылган. Археологиялык табылганы окумуштуулар Улуттук илимдер академиясына алып келишкен. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG