Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:03

Казакстан "Талибанды" тыюу салынган уюмдар тизмесинен чыгарды


Касым-Жомарт Токаев.
Касым-Жомарт Токаев.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев «Талибанды» өлкөнүн террорчул уюмдар тизмесинен чагырууга Ооганстандын талибдер көзөмөлдөп турган өкмөтү менен соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү ниети себеп болгонун бүгүн 3-июнда билдирди.

Алматы шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Парламенттик ассамблея кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып ал, Акордо билдиргендей, Ооганстандагы соңку кырдаалга токтолду жана бул өлкөдөгү талибдер режимин «узак мөөнөттүү фактор» деп атады.

Токаевдин пикиринде, азыркы тапта Ооганстанды аймак аралык байланыштарга активдүү тартуу стратегиялык маселелердин бири болууда:

«Казакстан «Талибан» режимин террордук тизмеден чыгарды. Буга азыркы Ооганстан менен соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн жана бул режим узак мөөнөттүү фактор экенин түшүнүү негиз болду».

Токаев Казакстандын Алматыда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Борбор Азия жана Ооганстан үчүн Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча аймактык борборун түзүү тууралуу демилгесин колдоого чакырды.

Ооганстанды 1996-2001-жыдары башкарган «Талибан» бийликти 20 жылдан кийин, 2021-жылы август айында америкалык аскерлер өлкөдөн чыгып кеткенден кийин кайрадан өз колуна алган.

2005-жылдын 15-мартында Казакстандын Жогорку сотунун чечими менен «Талибан» террордук уюм деп жарыяланып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Аны Казакстандын тыюу салынган уюмдар тизмесинен чыгаруу ниетин казак бийлиги алгач 2023-жылдын декабрында билдирген. «Азаттыктын» казак кызматы тыюу салынган уюмдар тизмесин 3-июнда карап чыкканда ал жерде «Талибан» дагы эле бар экенин жазды.

Дүйнөнүн бир дагы өлкөсү талибдердин өкмөтүн расмий тааный элек. Ооганстандын Батыштагы банк резервдери камакта турат, талибдердин айрым лидерлерине АКШ издөө жарыялаган.

Кыргызстан азырынча “Талибанды” Ооганстандын расмий бийлиги деп тааныбай турганын 6-апрелде Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов “Азаттыкка” билдирген. Ал расмий Бишкек учурда Ооганстандагы кырдаалга тыкыр көз салып, гуманитардык абалды жөнгө салууга салым кошуп жатканын айтып, “"Талибанды" биз дипломатиялык жол менен тааный элекпиз. Аймакта азырынча эч бир өлкө тааный элек. Казакстан террордук уюмдардын тизмесинен чыгарды, Орусия да чыгарарын айтып жатат”, - деген.

Казакстан Ооганстанда бийлик башында турган "Талибан" кыймылын тыюу салынган уюмдар тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алганын былтыр казак Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Айбек Смадияров билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG