Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:20

Президент Жапаров балдардын укуктарын коргоо уланарын айтты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өлкөдө социалдык жана экономикалык теңсиздикти жоюу, жакырчылык жана зордук-зомбулук менен күрөшүү, балдардын укуктарын коргоо системасын чыңдоо жаатындагы иштер улантыларын билдирди.

Бул тууралуу мамлекет башчынын 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата куттуктоосунда айтылган.

Жапаров Кыргызстандын "Балдардын укуктары боюнча конвенцияга" кошулганына 30 жыл болгонун белгилеп, бул жылдар аралыгында ушул багыттагы бир катар маанилүү мыйзам актылары кабыл алынганын, билим берүү жана саламаттык сактоо системалары өркүндөтүлүп, балдардын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн шарттар түзүлгөнүн айткан.

Мамлекет башчы томолой жетим балдардын өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында "Келечекке салым" аттуу мамлекеттик балдар депозитин киргизүү жарлыгына кол койгонун мисал келтирген. Ага ылайык, томолой жетим балдардын ар бирине эсеп ачылып, алардын ден соолугун, турак жай шарттарын жакшыртуу жана билим алуу укуктарын камсыз кылуу үчүн 18 жашка толгондо 500 миң сомдон акча каражаты берилет.

Кыргызстанда балдар зордукталып, зомбулук көргөн учурлар токтобой келет. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева 24-апрелде мамлекеттик органдарды балдарга карата зордук-зомбулукту болтурбоо жана алдын алуу чараларын көрүүгө чакырган. Ал буга мисал катары Бишкектеги мектептердин биринде 1-класстын окуучусу сабалган окуяны белгилеп, анда баланын укугу одоно бузулганын айткан.

Балдарга жана аялдарга карата зордук-зомбулук токтобой жатканын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев да белгилеген. Ал былтыр 17-ноябрда атайын кызматтын Чүй облусунун Панфилов райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында мекеменин кызматкерлерин өлкөдө аялдар менен балдарга жасалып жаткан зомбулукка каршы күрөшүүгө үндөгөн. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG