Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:03

Венгриялык түрколог Иштван Коңур Мандоки тууралуу китеп жарык көрдү

Венгриялык түрколог Иштван Коңур Мандоки тууралуу китеп. Бишкек. Май, 2024-жыл.
Венгриялык түрколог Иштван Коңур Мандоки тууралуу китеп. Бишкек. Май, 2024-жыл.

“Алыкул үй борбору” коомдук бирикмеси Венгриянын Кыргызстандагы элчилиги менен биргеликте кыргыз тилинде “Коңурдун коңгуроосу” аталышындагы китеп чыгарды.
Эмгек кыпчак тектүү мажар илимпозу, түрколог Иштван Коңур Мандокиге (1944-1992) арналган.

Жыйнакта кичинесинен эле ата-тегинин, эне тилинин тарыхына кызыгуудан улам мажар-кыпчак жана Евразия чөлкөмүндөгү тектеш түрк элдеринин, анын ичинде кыргыз-кыпчак тутумунун да көрүнүктүү окумуштуусуна айланган Мадокинин көпкө умтулган тилеги, бирок анын далайына жетпей калган өрнөктүү да, өкүнүчтүү да өмүрү баяндалган.

Басылма окурмандардын бардык катмарына арналган.

Китептин бет ачары 28-майда Венгриянын Кыргызстандагы элчилигинин имаратында өтүп, ага элчиликтин кызматкерлери, кыргыз акын-жазуучулары жана коомдук ишмерлери катышты.

Венгриянын Кыргызстандагы элчилиги мындан сырткары 2021-жылдан бери кыргыз тилинде жазуучу Чыңгыз Айтматовго арнап “Айтматовго Мажарстандын урмат-сыйы”, мажар окумуштуулары Иштван Шанта менен Давид Каранын кыргыз өлкөсүнө арнап жазган “Азиянын жүрөгүнөн келген каттар жана сүрөттөр” китебин, мажар акыны Шандор Петөөфинин “Азаттык жана махабат” аттуу поэтикалык ктептерин чыгарган. (MZh)

​
XS
SM
MD
LG