Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:03

Кыргызстан жана Пакистан министрлери Бишкектеги окуяны талкуулашты


Мохаммад Исхак Дар жана Жээнбек Кулубаев.
Мохаммад Исхак Дар жана Жээнбек Кулубаев.

Кыргызстанда окуган пакистандык студенттер кабылган окуя бүгүн 21-майда Бишкекте тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Пакистандын премьер-министринин орун басары, тышкы иштер министри Мохаммад Исхак Дар менен талкууланды.

Кыргызстандын тышкы саясий мекемесинин басма сөз кызматы билдиргендей, министр Кулубаев өлкөнүн укук тартибин коргоо органдары пакистандык студенттердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бардык тиешелүү чараларды көргөнүн, жогорку окуу жайларындагы ыктыяр топтор эки өлкөнүн жаштары ортосундагы достук мамилени бекемдөө боюнча бир катар иш-чараларды өткөрүп жатышканын айтты.

Кулубаев 13-майдагы окуя боюнча дыкат териштирүү жүрүп жатканын белгилеп, иликтөөнүн натыйжасында аныкталган айыптуулар мыйзам чегинде жазасын аларын кошумчалады.

Пакистандын министри Дар «кыргыз тарап кырдаалды жөнгө салуу боюнча ыкчам чара көргөнү үчүн ыраазычылыгын билдиргени» маалымдалды.

Мындан тышкары эки дипломат Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы кызматташтыктын бардык багыттары боюнча пикир алмашып, алаканы өнүктүрүү жана бекемдөөнү макулдашканы кабарланды.

Пакистандын тышкы иштер министрлиги Бишкектеги жолугушуу боюнча азырынча маалымат бере элек.

Андан мурдараак мекеме Мохаммад Исхак Дар Кулубаев менен жолугушарын жана Бишкектеги окуя учурунда жараат алып, азыр дарыланып жаткан пакистандык жарандар менен жолугуп, алардан кабар аларын маалымдаган.

17-майда социалдык түйүндөрдө “чет элдиктер аралашкан” деген бир нече адамдын мушташы тартылган видео тарап, айрым колдонуучулар сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышкан. 18-майга караган түндө Бишкектин чыгыш тарабындагы көчөлөрдүн биринде адамдар топтолуп, чет элдик студенттер жашаган жатаканага кирип барып башаламандык жаралган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) чогулгандар 700гө чейин жеткенин, таңга жуук баары тарап кеткенин билдирген.

Тополоңдо дарыгерлерге жалпы чет өлкөлүк 41 адам кайрылган. Алардын ичинен ооруканада дарыланып жаткан 11 бейтаптын абалы туруктуу деп бааланууда.

Бишкек милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык) жана 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) менен иш козгоп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Бул окуядан кийин Бишкектеги Кыргызстан эл аралык университетинде билим алган чет элдик студенттердин ичинен 1200дөй пакистандык мекенине кеткени кабарланган.

Кыргызстанда окуган пакистандык студенттердин дагы 150сүн бүгүн 21-майда бул өлкөнүн өкмөтү уюштурган атайын каттам мекенине жеткиргенин “Машаал” радиосу кабарлады.

ИИМ элдин нааразылыгын жараткан видеодогу окуя 13-майда болгонун тактаган. 20-майда тополоңго катышы бар деген шек менен кыргызстандык үч жаран кармалып, камакка алынган. 21-майда дагы бир шектүү кармалды.

Милиция “Бейбаштык” беренеси менен да иш козголуп, Египеттин төрт жараны кармалганын, кийин үй камагына чыгарылганын маалымдаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG