Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:54

Орус бийлиги оккупацияланган Мариуполдо борборазиялык мигранттарды кармай баштады


Мариупол. Архивдик сүрөт.
Мариупол. Архивдик сүрөт.

Орусия эмгек мигранттарын кармап, жоопко тарткан текшерүүлөрүн Украинанын оккупацияланган аймактарында да жүргүзүүдө.

Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) өзүн Донецк элдик республикасы деп жарыялап алган жикчил аймактагы башкармалыгы маалымдагандай, 18 мыйзамсыз мигрант аныкталды. Атайын кызмат өкүлдөрү полиция жана Росгвардия жоокерлери менен биргеле Мариупол шаарында рейд жүргүздү.

Рейд учурунда тартылган видеодон мигранттар иштеген курулуш жүрүп жаткан жерге куралчан күч кызматкерлери барганын, баарын тизип, бронетранспортерго салып кеткенин көрүүгө болот.

ФСБ билдиргендей, 18 мигрант административдик жоопко тартылды, алардын үчөө депортация болду.

Ал арада Донецк аймагында легалдашууга 3 миңдей мигрант документин тапшырганы белгилүү болду. Аталган жикчил аймактын башчысы Денис Пушилин "Россия-24" телеканалында сүйлөп жатып бийлик рейддерди күчөткөндөн кийин чет элдиктер документин мыйзамдаштырууга көбүрөөк аракет көрө баштаганын билдирди.

Орусия Украинанын оккупацияланган Мариупол шаарын калыбына келтирүүгө борборазиялык мигранттарды 2022-жылдын күзүндө жөнөтө баштаган. Алар курулуш компаниялары Москвада алган айлыктан эки эсе көп маяна сунуштаганын, бирок коопсуздугун жана саламаттыгын тобокелге салып иштөөгө мажбур экенин айтып беришкен. Мариуполду калыбына келтирүү иштерине кыргызстандыктар да тартылып, убадаланган айлыкты ала албай калган учурлар катталган.

Орусияда борборазиялык эмгек мигранттарын текшерген рейддер уланып жатканын «МВД медиа» интернет-басылмасы билдирди. Тюмен облусунда укук тартибин коргоо органдары миграциялык мыйзамдардын бузулушуна байланыштуу 15 фактыны аныкташканы, ар бири боюнча полиция административдик протокол түзгөнү маалымдалды.

Тогуз мигранттын Орусияда жашоого жана иштөөгө тийиштүү уруксат документи жок экени, алтоо өлкөгө кирүү эрежелерин бузганы аныкталды. Эреже бузгандыгы аныкталгандарга айыппул салынары, ал эми мыйзамсыз жүргөндөрү өлкөдөн чыгарылышы ыктымал экени, иштер сотко жөнөтүлгөнү белгиленди. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG