Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:03

Бишкектеги окуядан кийин Кыргызстан эл аралык университетинен 1,2 миң чет элдик студент мекенине кайтты


Бишкекте чет өлкөлүк студенттер жашаган жатакана. 19-май, 2024.
Бишкекте чет өлкөлүк студенттер жашаган жатакана. 19-май, 2024.

Бишкектеги Кыргызстан эл аралык университетинде билим алган чет элдик студенттердин ичинен 1200дөй пакистандык студент мекенине кетти. Бул тууралуу окуу жайдын ректору Асылбек Айдаралиев 20-майдагы маалымат жыйынында билдирди.

Анын маалыматына караганда, мекенине кайткандардын көбү 1-2-курстун студенттери. Калгандары азырынча бул жакта экенин, алар менен сүйлөшүүлөр жүрө турганын белгиледи.

Маалымат жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу мындай окуя Кыргызстанга аброй алып келбей турганын, бул боюнча мамлекеттик органдар биргелешип иш алып баруусу керектигин айтты.

“1-2-3 курстагы студенттер мекенине кете турган болсо, алардын сынактарынын мөөнөтүн жылдырып турууну карайбыз. Алардын ата-энелери камтама болуп жатышат. Бүгүн коомдук абал турукташты, алар да көчөгө чыгып башташты. Кеткендери күзүндө кайтып келеби, бул өзүбүздөн көз каранды. Бул үчүн мамлекеттик органдар ыкчам иштеп, ынандыра алсак, студенттерди кайтара алабыз. Айрым жерлерде кетпейбиз деген чет элдик студенттер да бар”, - деди Абазбек уулу.

17-майда социалдык түйүндөрдө “чет элдиктер аралашкан” деген бир нече адамдын мушташы тартылган видео тарап, айрым интернет колдонуучулар сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышкан. Ошол видеодон кийин, 18-майга караган түнү Бишкектин чыгыш тарабындагы көчөлөрдүн биринде адамдар топтолуп, башаламандык катталган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) түнкүсүн калаада чогулгандар 700гө чейин жеткенин, таңга жуук баары тарап кеткенин билдирген. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы тополоңдо жабыркап, ооруканада дарыланып жаткан 11 бейтаптын абалы туруктуу экенин 20-майда кабарлады. Тополоңдо дарыгерлерге жалпы 41 адам кайрылган.

Бишкек шаардык милициясы башаламандыкка байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык) жана 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) менен иш козгоп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Бул окуядан кийин пакистандык жарандарды алып чыгып кетүү үчүн чартердик каттам уюштурулганы маалым болду. Ишембиде Пакистан 180дей жаранын өлкөдөн чыгарып кетти.

ИИМ элдин нааразылыгын жараткан видеодогу окуя 13-майда болгонун тактады. Министрликтин маалыматына ылайык, чет өлкөлүк студенттер менен жергиликтүүлөрдүн мушташы боюнча “Бейбаштык” беренеси менен иш козголуп, чет өлкөлүк төрт жаран кармалды. Бул окуяга катышы бар Кыргызстандын эки жаранынын жүргөн жерин тактоо иштери жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG