Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:29

Бишкектеги мушташ: Сот Египеттин төрт жаранын үй камагына чыгарды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги нааразылыкка себеп болгон 13-майдагы мушташка байланыштуу кармалган төрт египеттик жарандын кармалышын сот мыйзамдуу деп тапты. Бул боюнча отурум 19-майда Бишкектин Свердлов райондук сотунда болгон. Соттун чечими менен бейбаштыкка шектелген төрт жаран тең 17-июлга чейин үй камагында болот.

17-майда социалдык түйүндөрдө “чет элдиктер аралашкан” деген бир нече адамдын мушташы тартылган видео тарап, айрым интернет колдонуучулар сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышкан. Ошол видеодон кийин, 18-майга караган түнү Бишкектин чыгыш тарабындагы көчөлөрдүн биринде адамдар топтолуп, башаламандык катталган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) түнкүсүн калаада чогулгандар 700гө чейин жеткенин, таңга жуук баары тарап кеткенин билдирген. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы тополоңдо жабыркап, ооруканада дарыланып жаткан 11 бейтаптын абалы туруктуу экенин 20-майда кабарлады. Тополоңдо дарыгерлерге жалпы 41 адам кайрылган.

Бишкек шаардык милициясы башаламандыкка байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык) жана 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) менен иш козголуп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Бул окуядан кийин пакистандык жарандарды алып чыгып кетүү үчүн чартердик каттам уюштурулганы маалым болду. Ишембиде Пакистан 180дей жаранын өлкөдөн чыгарып кетти.

ИИМ ал эми элдин нааразылыгын жараткан видеодогу окуя 13-майда болгонун тактады. Министрликтин маалыматына ылайык, чет өлкөлүк студенттер менен жергиликтүүлөрдүн мушташы боюнча “Бейбаштык” беренеси менен иш козголуп, чет өлкөлүк төрт жаран кармалды. Бул окуяга катышы бар Кыргызстандын эки жаранынын жүргөн жерин тактоо иштери жүрүп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG