Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:46

Милиция кызматкерлери Бишкекте күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат


Ички иштер министрлигинин имараты.
Ички иштер министрлигинин имараты.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 17-18-май күндөрү чет өлкөлүк жарандар менен болгон окуяларга байланыштуу Бишкек гарнизонунун өздүк курамы жана 2500 миңден ашуун элдик кошуундар коомдук тартипти көзөмөлдөп, чет өлкөлүктөрдүн коопсуздугун камсыз кылып жатканын билдирди. Мекеме социалдык тармактарда чет өлкөлүк жарандарга күч колдонууга чакырган жана жалган маалыматтарды таркаткандар аныкталса кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти.

“Урматтуу чет өлкөлүк жарандар жана шаардын студенттери! Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы шаардын аймагында абал туруктуу экенин, жана кадимки жашоо образына кайтууга боло тургандыктарын билдирет”, - деп айтылат маалыматта.

17-майда социалдык түйүндөрдө “чет элдиктер аралашкан” деген бир нече адамдын мушташы тартылган видео тарап, айрым интернет колдонуучулар сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышкан. Ошол видеодон кийин, 18-майга караган түнү Бишкектин чыгыш тарабындагы көчөлөрдүн биринде адамдар топтолуп, башаламандык катталган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) түнкүсүн калаада чогулгандар 700гө чейин жеткенин, таңга жуук баары тарап кеткенин билдирген. Кыргыз өкмөтү бул окуяда жалпысынан 29 киши жабыркаганын кабарлады. Жаракат алган үч чет элдик Бишкектеги мамлекеттик ооруканага жаткырылганын, абалы туруктуу экенин Саламаттык сактоо министрлиги 19-майда билдирди.

Бишкек шаардык милициясы башаламандыкка байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык) жана 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) менен иш козголуп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Бул окуядан кийин пакистандык жарандарды алып чыгып кетүү үчүн чартердик каттам уюштурулганы маалым болду. Ишембиде Пакистан 180дей жаранын өлкөдөн чыгарып кетти.

ИИМ ал эми элдин нааразылыгын жараткан видеодогу окуя 13-майда болгонун тактады. Министрликтин маалыматына ылайык, чет өлкөлүк студенттер менен жергиликтүүлөрдүн мушташы боюнча “Бейбаштык” беренеси менен иш козголуп, чет өлкөлүк төрт жаран кармалды. Бул окуяга катышы бар Кыргызстандын эки жаранынын жүргөн жерин тактоо иштери жүрүп жатат.

Өткөн жылдын соңундагы расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 80 миңден ашуун чет өлкөлүк студент билим алууда – бул өлкөдөгү бардык студенттердин 35%. Чет элдик студенттердин 61% индиялыктар, 32% пакистандыктар. (BTo)

XS
SM
MD
LG