Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:55

Иран президенти бараткан тик учак жерге кыйынчылык менен конгону кабарланды


Эбрахим Раиси. Архивдик сүрөт.
Эбрахим Раиси. Архивдик сүрөт.

Иранда президент Эбрахим Раиси бараткан тик учак аба ырайынын айынан жерге араң барып конууга мажбур болгонун бүгүн 19-майдын кечинде өлкөнүн ички иштер министри Ахмад Вахиди билдирди.

Окуяны "кыйынчылык менен конуу" деп атаган министр куткаруучулардын ал жерге жетүүсү оор болуп жатканын билдирди жана "Чоо-жайы боюнча кошумча маалымат күтүп жатабыз", - деди.

Президентти коштоп дагы эки тик учак жүргөнү, алар бара турган жерине аман жеткени маалымдалды.

IRNA мамлекеттик маалымат агенттиги билдиргендей, Раиси отурган тик учакта тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян, Тебриз шаарынын башкы мечитинин имамы, Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору жана башка жергиликтүү жетекчилер да бараткан.

Куткаруучулар окуя болгон жерге жетүү аракетин көрүп жатышканы, окуяга калың туман себеп болгону, бул аймак тоолуу жана токойлуу жер экени кабарланды.

Окуя Ирандын борбору Тегеран шаарынан 600 чакырым түндүк-батыш тараптагы, Азербайжан менен чек ара тилкесиндеги Чыгыш Азербайжан деп аталган провинциянын Жулфа шаарынын аймагында болду.

IRNA агенттигинин соңку маалыматына караганда, куткаруучу тик учак окуя болгон жерге барып, бирок калың тумандын айынан коно албай, кайра кайтты.

Ирандын жогорку руханий лидери Али Хаменеи өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрдү.

Fars News агенттиги ирандыктарга кайрылып, Раисинин амандыгы үчүн сыйынууга чакырды.

Мамлекеттик телеканалдар Ирандын Министрлер кабинетинин мүчөлөрү Тебриз шаарына жөнөшкөнүн маалымдады.

АКШнын Мамлекеттик департаменти "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун суроолоруна жооп берип жатып "Ирандын президенти жана тышкы иштер министри бараткан тик учак кыйынчылык менен конгону тууралуу маалыматтарга кылдат көз салуудабыз. Азыркы тапта бизде комментарий жок", - деп билдирди.

Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель X социалдык түйүнүнө (мурдагы Twitter) "Ирандын президенти менен тышкы иштер министрин ташыган тик учак күтүүсүз жерден конууга аргасыз болгону жана алардын абалы азырынча тактала элек деген тыкыр кабарлардан кийин Евробиримдикке мүчө мамлекеттер жана өнөктөштөр менен бирге биз кырдаалга кылдат көз салып турабыз" , - деп жазды.

Раиси бүгүн эртең менен Азербайжанга барып, бул өлкөнүн президенти Илхам Алиев менен чогуу плотинанын ачылышына катышкан. Бул эки өлкө Аракс дарыясына курган үчүнчү плотина.

Tasnim мамлекеттик маалымат агенттиги президентти коштоп жүргөндөрдүн бири байланышка чыкканын кабарлап, демек, тик учактын жүргүнчүлөрү тирүү деген божомолун жазган.

Mehr агенттиги президент аман экенин, машина менен Тебриз шаарына жөнөп баратканын жазган, бирок кайра ал кабарын өчүрүп салды. Тебриз Жулфадан болжол менен 130 чакырым аралыктагы шаар.

Катаал саясатчы катары таанылган 63 жаштагы Раиси Ирандын президенти болуп 2021-жылы шайланган. Ал 1988-жылы Иран-Ирак согушунун соңунда миңдеген саясий туткунду жапырт өлүм жазасына тартууга катышкандыгы үчүн АКШнын санкциясына кабылган. Раиси жогорку руханий лидер Али Хаменеинин жакын санаалаштарынын бири экени белгилүү.

Айрым маалыматтарга караганда, эл аралык санкциялардын айынан Иран эскилиги жеткен тик учактарына тетик сатып алууда кыйынчылыктарга туш болууда.

Ирандын мыйзамдары боюнча, эгер президент каза болсо өлкөнү башкаруу милдети биринчи вице-президентке өтөт. Курамына Ислам кеңешме ассамблеясынын төрагасы, сот бийлигинин башчысы жана биринчи вице-президент кирген кеңеш жаңы президентти шайлоону 50 күн ичинде уюштурушу зарыл. Азыр Ирандын биринчи вице-президенти кызматын 69 жаштагы Мохаммад Мохбер аркалоодо. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG