Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:43

Пакистандын ТИМи Кыргызстандын ишенимдүү өкүлүн чакыртты


Кыргызстан менен Пакистандын желектери.
Кыргызстан менен Пакистандын желектери.

Расмий Исламабад тараткан билдирүүдө Кыргызстандын Пакистандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Мелис Молдалиев Тышкы иштер министрлигине чакырылганы белгиленет. Маалыматка ылайык, Молдалиевге Кыргызстанда окуган пакистандык студенттер кабылган окуя боюнча Пакистан өкмөтүнүн камтамачылыгы айтылды.

Бул өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин сайтына жарыяланган билдирүүдө Пакистандын өкмөтү жарандарынын коопсуздугун камсыздоо максатында Кыргызстандын бийлиги менен такай байланышта экени жазылган.

Пакистандын Кыргызстандагы элчилиги чукул жардам көрсөтүү боюнча байланыш номерлерин түзүп, студенттердин жана алардын ата-энелеринин кайрылууларына жооп берип жатканы да белгиленген.

18-майга караган түнү Бишкекте болгон окуядан жалпы 29 киши жабыркаганын кыргыз өкмөтү билдирди. Маалыматка караганда, кайрылгандардын көбү ооруканага жаткан эмес, азыр үч чет элдик дарыланууда. Пакистандын элчилиги 14 жараны жабыркаганын ырастады.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, үч адам ооруканага жаткырылды. Жаагына доо кеткен пакистандык жаранга операция жасалары айтылды.

17-майда интернетте "чет элдиктер аралашкан" деген бир нече адам катышкан мушташ тартылган видео тараган. Социалдык тармактын колдонуучулары сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышты. Мындан кийин Бишкек шаарынын көчөлөрүндө ондогон жарандар топтолуп, башаламандыктар менен коштолгон.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) 18-майга караган түнү Бишкекте катталган тополоңдун жана анын чыгышына себеп болгон окуялардын хронологиясын жарыялап, иштин деталдары тууралуу расмий маалымат тараткан. Мекеме түнкүсүн калаада 700гө чейин жеткенин, чогулгандар иштеринен соң таңга жуук тарап кетишкенин билдирген.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы бул окуяларга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык) жана 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) менен иш козголуп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Төрт чет элдик жаран кармалганы маалымдалды. Тергөөнүн жүрүшүндө жатаканада чет элдик жарандарга кол салган жергиликтүү төрт адамдын экөө аныкталды. Милиция жогорудагы эки адамдын турган жерин жана башка адамдардын тек-жайын аныктоо боюнча иштерди алып барууда.

XS
SM
MD
LG