Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:14

Казакстандын коопсуздук комитети Кыргызстан тараптан пакистандыктар өтүп жатканын төгүндөдү


Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы өткөрмө бекет.
Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы өткөрмө бекет.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Кыргызстан тараптан Казакстан тарапка пакистандык студенттер тобу жапырт өтүп жатканы тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбей турганын маалымдады.

Бул тууралуу мекеме 18-майда билдирүү таратып, айрым жалпыга маалымдоо каражаттарынын “Бишкектеги түнкү тополоңдон кийин чет элдик студенттер качып жатканы" тууралуу жазганын төгүндөдү.

“Казак-кыргыз мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө бекеттери штаттык режимде иштеп жатат. Казакстандын жана Кыргызстандын чек арачылары Бишкек шаарындагы соңку кырдаал боюнча үзгүлтүксүз түрдө маалымат алмашып жатышат”, – деп айтылат Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматынын маалыматында.

17-майда интернетте "чет элдиктер аралашкан" деген бир нече адам катышкан мушташ тартылган видео тараган. Социалдык тармактын колдонуучулары сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышкан. 18-майга караган түнү Бишкек шаарынын көчөлөрүндө ондогон жарандар топтолуп, башаламандыктар менен коштолгон.

Күч органдары коомдук коопсуздукка түнү менен көз салып, айрым элчиликтерди жана чет элдиктер жашаган жатаканаларды кайтарууга алды. Окуя маалында чет элдик жарандар сабалганы тартылган видеолор интернетке тарап жатат.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) 18-майга караган түнү Бишкекте катталган тополоңдун жана анын чыгышына себеп болгон окуялардын хронологиясын жарыялап, иштин деталдары тууралуу расмий маалымат тараткан. Мекеме түнкүсүн калаада 700гө чейин жеткенин, чогулгандар иштеринен соң таңга жуук тарап кетишкенин билдирген.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы бул окуяларга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык) жана 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) менен иш козголуп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Төрт чет элдик жаран кармалганы маалымдалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө жатаканада чет элдик жарандарга кол салган төрт адамдын экөө аныкталды. Милиция жогорудагы эки адамдын турган жерин жана башка адамдардын тек-жайын аныктоо боюнча иштерди алып барууда.

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, 18-майга караган түнү борбордо катталган окуяларда 29 адам жараат алды. 15 адам Бишкек шаардык тез жардам ооруканасына жана Улуттук госпиталга жеткирилип, калгандарына жеринде жардам көрсөтүлгөн.

Буга чейин пакистандык айрым маалымат каражаттары Бишкекте 18-майга караган түндөгү "окуяда каза болгондор бар болушу мүмкүн" деген маалыматтарды жазып чыккан. Пакистандын Бишкектеги элчилиги бул маалымат ырасталбаганын маалымдап, алардын 14 жараны сабалганы тууралуу кабар алышканын билдирди.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги өз билдирүүсүндө медиаларды жана элчиликтерди текшерилбеген маалыматтарды таратпоого чакырса, Министрлер кабинети бул окуяда киши өмүрү кыйылганы тууралуу кабарларды төгүндөдү. (ErN)

XS
SM
MD
LG